Жумушсуздук, айлык акынын аздыгы көпчүлүк жубайларды өлкөдөн сырткары иш издөөгө аргасыз кылууда. Айрым ата-энелер балдарын чоң ата-чоң энесине аманат кылса, айрымдар алыскы таанышына деле табыштап иш издеп кеткени жашыруун эмес. Миграция маселесинде баарынан көп бала жабыр тартат. Энесинен алыста жүргөн баланын аң-сезимине кандай сокку болорун психолог Илдар Акбутин айтып берди.

▶️Түйүлдүк да мээримге муктаж
Энеге болгон мээримге бала түйүлдүк кезинен баштап муктаж. Тондо жаткандан тартып ал энесинин денесин, жылуулугун, маанайын, үнүн мыкты сезет. Түйүлдүк кубанганда бутун тыбырчылатып, капа болгондо түйүлүп калат. Жарык дүйнөгө келгенде эне менен ымыркайдын байланышы эмчек эмүү аркылуу гана болот. 3-5 айлык баланы эмчектен чыгарып чоң энесине же таенесине таштап иштеген учур болот. Бөтөн аялдын жыты, жасалма сүттүн даамы ымыркайды коркуу сезимине алып келет. “Дүйнө коркунучтуу, күтүүсүз башка адамдын колуна өтөсүң” деген түшүнүк ушул учурдан баштап калыптанат. Андыктан “кенедей бала эмнени сезмек эле, ыйлап-ыйлап көнөт” деген түшүнүк туура эмес. Кичине кезинен эненин мээриминен калган бала башкага эч качан мээрим төгө албайт.

▶️Балага акчанын кереги жок!
“Баламдын келечеги үчүн иштеп келем”, “Сени окутуш керек”, “Сен окууну бүтүп, үйлөнгүчө үйдү бүтүш керек” мындай сөздөр бала үчүн оор тиет. Бала ата-энесинен алыстап калганына өзүн айыптуу сезиши мүмкүн. Же болбосо “Сага иштеп жакшы телефон сатып берем”, “Жакшы мектепте окутам” деген шылтоолор да жөнсүз. Себеби 4-5 жаштагы балага ата-эненин мээриминен башка нерсенин кереги жок. Ага да карабай кеткен болсоңуз, бала өзүн жерип кеткендей, эч кимге кереги жок жалгыз калгандай сезимде болот. Бара-бара бул сезим чоң таарынычка алып келет. “Ишенген, эң жакын апам таштап кетти” деген таарыныч адамдарга болгон ишенимин жок кылат.

▶️Өсүүсү артта калат
Мектеп курагындагы баланын ата-энеси чет жакта болсо, ал бала классташтарынан кыйла артта калат. Сабакка болгон жетишкендиги аксайт, өзүн коргоп ала турган ишенимдүү адамдары жок болгондуктан чүнчүйт, чечкинсиз болуп өсөт. Баланын дүйнө жүзү боюнча эң жакын адамы – энеси. Таенеси, чоң энеси, эжеси ал адамдын ордун баса албайт. Энеге болгон кусалык, таарыныч баланын оюн чачыранды кылып кандайдыр бир ийгиликке жетишүүсүнө бөгөт коёт. Ата-энеси алыста жүргөн балдар көп учурда түнт тартып кетишет.

▶️Өспүрүмдөргө өзгөчө оор
“Сен мектепти жакшы бүтсөң келем”, “Кызыл аттестат менен бүтсөң гаджет алып берем” деп бир нече жыл бою соодалашуу жүргүзгөн эне-аталар да жок эмес. Кичине кезинен бөтөн бирөөнүн колунда тарбияланып, жетиштүү мээрим ала албаган бала үчүн оор мезгил өткөөл куракта башталат. Үйдө көңүл буруу же мээрим болбогондон кийин ал эптеп мектепти бүтсөм, бир жакка барып иштесем же турмушка чыгып кетсем деген ойдо болот. Ал эми толук үй-бүлөдө өспөгөн балада турмуш куруу, үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу түшүнүк аз болот. Турмуш курганда деле аны сактоо, бекемдөө жолдорун билбегендиктен бат эле ажырашып кетишет.

Орто мектепти бүтүп иш издеген күндө да өз укуктарын жакшы биле беришпейт. “Урушуп жибереби, кагып салабы” деген жалтаң мүнөз калыптанып калгандыктан көп учурда элге аралаша албай коомдон четтеп турушат.