Кыргыз Эл артисти, кыргыз киносуна бүтүндөй өмүрүн арнаган кинооператор, режиссёр, актёр, Нуртай Борбиев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Атасынын эмгеги жана басып өткөн жолу тууралуу анын жалгыз кызы Асел Борбиева айтып берди.

— Асел айым, атаңыздын арты кайырлуу болсун! Акыркы эки жылдан бери ооруп жүргөн экен?

— Ата-энем шаардын сыртындагы Воронцовка айылында жашашчу. Мындан жети жыл мурда апам каза болгон. Эркек адам өмүрлүк жары жок калганда өзүн таштап салат тура. Атам да мурдагы кайратынан тайып, жаш баладай кароого муктаж болуп калды. Акыркы эки жылдан бери менин колумда болчу. Негизи, атам сексенге чыкканга чейин эле таяк таянып басчу. Мындан эки жыл мурда таягын унутуп басып кетиптир. Ошондо эшиктин жанына жыгылып калып жамбашы чыгып кеткен. Сабырбек Жумабеков: “Бул кишини мен абдан сыйлайм, колуман келгенинин баарын жасайм”,-деп жакшы эле аракет кылды. Протез салып операция жасады. Бирок атам жакшы болгон жок, эки жыл төшөктө жатты. Апрель айынан баштап сүйлөй да албай калган. Акыркы жолу бир жак капталы кыймылдабай калды. Доктурлар инсульт алды дешти. Өмүр бою чуркап иштеп жүрүп, төшөккө жатып калганы өзүнө оор сокку болду окшойт. Туугандары көрүп келгенде да көзүн жумуп жатып алчу.

— Апаңыз орус кызы экен. Экөө кантип таанышты эле, сиздин кабарыңыз барбы?

— Ооба, апамдын улуту орус, Екатеринбургдан болот. Жазуучу Некрасовдун тукумунан экен. Өзү ал жактан байланыш институтун бүтүрүп, Ош шаарына практикага келиптир. Ошондо атам Оштон таанышыптыр. Экөө бир жылдан кийин Бишкекке келип, баш кошобуз дешет. Чоң атам колхоздун башкармасы болуп иштечү экен, “кыргыздан кыз калбай калыптырбы” деп апамды кабыл албай коюптур. Экөө ага карабай баш кошуп, 1965-жылы мен төрөлгөм. Чоң атам өлгөндөн кийин атам апамды жетелеп үйүнө барыптыр. Башында чоң апам деле көп жактырбаптыр. Бирок апам кайненесине карамдуу болуп жуунтуп, баладай бапестеп бакканда ичи жылыган окшойт. Мен беш жашка чейин чоң апамдын колунда болдум.

— Бир туугандарыңыздын жоктугу кандай учурда билинчү?

— Апамдын ден-соолугу болбогондуктан төрөтү менден кийин токтоптур. Эсимде, кичирээк кезимде күчүк багып алганбыз. Короого аны менен сейилдегени чыкканда кошуналар угуза эле: “Күчүк бакканча дагы төрөп бала бакпайбы?” деп жаман көрүшчү. Бул сөздөр апама бычак болуп тийер эле. Кийин апам он жыл катуу ооруду. Жатынына рак пайда болуптур. Аны да дарыгерлер убагында билбей, туура эмес дарылай берип шишикти өөрчүтүп жиберишкен. Качан гана 4-стадиясына жеткенде аныктап атышпайбы. Убагында билип, жатынын алып салса деле жашай бермек экен деп арман кылам. Атам бизге ачык айтпаганы менен ичинен эркек баласы жок экенине өксүп жүрүп өттү. Кийин мен жолдошум менен ажырашып кеткенде уулум Нурсултанды өз атына жаздырып алган. Азыр балам 24 жашка чыкты. Өзүм болсо атам төшөк тартып жатып калган эки жылдын ичинде жалгыз болгон кандай оор экенин биринчи жолу туйдум. Жок дегенде эжем же сиңдим болсо эмне деп көп ойлончумун. “Мен сиздин иниңиз болом, атам Нуртай Борбиев” деп сырттан бирөө кирип келсе деп канча жолу кыялдандым…

— Атаңыз кинооператорлук кесипти жүрөгү сүйүп тандаган экен. Өзү ал жөнүндө айтып берчү беле?

— Атам мектепти бүткөндөн кийин ырчы болом десе агасы ой-боюна койбой каршы чыгып атып бухгалтердин окуусуна тапшыртып салат. Ошол кезде эле кино, фотосүрөткө кызыгуусу күч болгон тура. Колхоздо бухгалтер болуп иштеп калганы менен жумушка көңүлү жок экенин байкаган атасы өзү киностудияга жетелеп барып киргизиптир. Ал жактан да штат жок деп албай атышканда “бекер иштеп берем, үйрөнсөм эле болду” деп кириптир. Бир жолу кышында кино тарткан топ тоого съёмкага чыгышат. Түштөнөр маалда атама “сен камераны кайтарып тур” деп өздөрү жайбаракат отуруп алышат. Атам байкуш бутуна чулгоо менен эле өтүк кийип алган экен. Буту үшүктөн шишип, үйгө келгенде апам өтүктү кайчы менен кесип чыгарыптыр, буту болсо кара-көк тартып араң айыккан деп айтканы бар. Анда да эртеси жумушка барбай калса “чыдабай кетип калды” дешиптир. Буту чала айыкканда эле аксап ишке чыгыптыр. Ошондон кийин муундарына суук тийип, буту карышып калмайы пайда болгон экен. Кээде басып баратып эле карышып калса буту шилтенбей туруп калчу. Акыркы жолу жыгылганына да ушул оорусу себеп болду окшойт. Эсимде, съёмкадан кийин ооруп, денетабы кырктан түшпөй түнү менен чабалактап чыкчу. Андайда апам жанынан чыкпай, кийими сыгып алма суу болуп тердесе улам алмаштырып түнү бою карачу. Эртең менен эч нерсе болбогондой таңкы беште туруп алып жумушуна кетчү. “Ак илбирстин тукумун” 3000 метр бийиктиктеги тоодо тартышкан. Эртең мененки жаратылышты тартам деп бетин үшүккө алдырып келген болчу. Кадимкидей бетинин териси сыйрылып, канап көпкө кыйналган. Кийин тасма Берлиндеги кинофестивалдан “эң көркөмдүү тасма жана мыкты режиссёрлук иш” деп табылып, “Күмүш аюу” сыйлыгын алган. Бирок эмнегедир атамдын эмгеги көмүскөдө калгандай сезилди.

— Атаңыз бир убактарда кинодон четтеп, ишкерлик менен да алектенип жүргөн экен?

— СССР кулагандан кийин кыргыз киносуна эч ким көңүл бурбай калды да. “Кыргыз керемети өлдү” деп атам көпкө жаман болуп жүрдү. Анан апам экөөбүздүн жакшы жашообуз үчүн аракет кыла баштады. Ал кезде түрктөрдүн таттуу нандары бизге жаңы келе баштаган. Бул жактан таттууларды бышыра турган кондитердик жай ачты. Иши жакшы жүрүшүп, кийин жашап аткан үйүбүздү күрөөгө коюп тамактануучу жай ачтык. Ал ишине мен да жардам берип калдым. Бирок атам өтө ишенчээк жан эле. Ишкана өнөктөшүнүн наамында болчу, бирок бүт ишти атам бүтүрчү. Кийин өнөктөшүнүн ниети бузулуп атамды сызга отургузуп кетти. Ошондо үйү жок калганбыз. Болбосо ал квартираны убагында атама Чыңгыз Айтматов “Ак илбирстин тукуму” киносундагы эмгеги үчүн берген. Ошондо атам катуу стресс болду. Кийин көлдү айланып боз үй жасатып сатып ишкерлик кылды. Андан тапкан акчасына азыр жашап аткан үйдү мага алып берген. Ал иш да жүрүшпөй калганда акыркы жылдары институтта сабак берип иштеп жүрдү. Атам өмүр бою тапкан-ташыганын апам экөөбүздүн оозубузга кармап, эч нерседен кем кылбай багам деп жүрүп өттү.

— Атаңыз сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен жүрөгү жумшак адам деген сөздү көп уктум?

— Кишиге кайрымдуу болчу. Жардамга муктаж бирөө болсо үстүндөгү көйнөгүн чечип, чөнтөгүндөгү акыркы акчасын карматчу. Эмнегедир балдарды өтө жакшы көрчү. Мен уулдуу болгондо төрөт үйүнүн алдында жүргөндөрдүн баарына көрүндүк таратканы эсимде. Айылдагы үйгө барып турчубуз. Ал жакта апам менен жашап жүргөндө кошуна балдарга таттуу таратып, акча берип көндүрүп коюптур. Андан кийин экөөбүз барып калганда кичинекей балдар астыбыздан чуркап чыгышчу. Өткөндө жалгыз барсам кичирээк кыз: “Ата кайда? Эмнеге келген жок?” дейт. “Атаңар экинчи келбейт” деп жүрөгүм тилинип тескери бурулдум.

Анара Дүйшөналиева

Пикир калтырыңыз

Please enter your comment!
Please enter your name here