Кыргыздын Эл артисти, “Ырдайлы кыргыз ырларын” долбоорунун негиздөөчүсү Юрий Бобковдун маданиятыбызга кошкон салымын айтпасак деле эл жакшы билет. Жүзү орус, жүрөгү кыргыз каарманыбыз бүгүнкү күндө турмуштун сыноосун башынан кечирип жаткан кези. Юрий Бобковдун жубайы Асел айым жолдошунун абалы тууралуу айтып берди.

— Агайдын азыр ден соолугу жакшыбы? Эмне болуп кырсыктап калды?

— 23-май күнү жаан жаап аткан. Мен ашканада жүргөм, ал сыртта болчу. Үйүбүздүн тепкичи бийик, жаза басып алып чалкасынан жыгылыптыр. Анда да “жакшы элемин” деп моюн сунбай бир жумадай үйдө жүрдү. Качан гана ийини көгөрүп, шишип, колу кыймылдабай калганда ооруканага бардык. Оң жак далысынын сөөгү бырчаланып сыныптыр. Дароо операция жасалмак болду. Сынган жерине атайын пластина салып, колун гипстеп беришкен. Жакшы эле жүргөндөй болду эле, кайрадан колу ооруй баштаганда ошол эле ооруканага барсак: “Койгон пластина чыгып кетиптир,- дешти. Ошентип экинчи жолу операция жасашты. Бул жолу наркоздон оор ойгонду. Азыр ооруканадан чыкканыбызга эки жумадан ашты. Оору жанын сыздатып башында 4 саатта бир ооруну сездирбеген дары сайып аткам. Азыр 6 саатта бир сайып калдым. Кээде жакшы уктаса, кээде түнү менен жан сыздаткан ооруга чыдабай уктабай атат. Гипсин чечип беришкен, бирок дайыма менин кароомдо. 63 күнгө чейин эч жакка чыкпай, оор көтөрбөй бир нукта жүрүш керек дешти. Бир жыл бою үзгүлтүксүз реабилитациядан өткөндө гана калыбына келерин айтышты.

— Буга чейин кызыңызга да оор операция жасалып, жаңы эле жакшы болгон экен?

— Ооба, ага чейин март айында кызыбыз Чолпонду Новосибирск шаарына алып барып операция кылдырганбыз. Себеби 8-класста окуп жатканда жыгылып кетип жамбашы сынып кеткен. Ал жактан жамбаш муунду жасалма муунга алмаштырган операция болду. Көп жылдан бери доктурларга көрсөтүп, байма-бай дарылатып келгенбиз. Акыры бул жактан жыйынтык болбогон соң дарыгерлер эндопротез коюш керек дешкенинен Орусияга алып барганбыз. Ал жактан операциясы 8 миң доллар болду. Дары-дармегине, жашаганыбызга да бир топ акча жумшалып айрым чыгашаларды жаба элек болчубуз. Аны иштеп кутулалы деп атканда минтип атасы кырсыктап отурбайбы.

— 8 жашында жыгылса мектепти окубай калдыбы?

— Жок, окуп атты. Борбордогу жакшы мектептердин биринде окучу. Жаңы жыгылганда: “Кызым, кыйналсаң үйдө эле болчу, мугалимдер үйгө келип сабак берсин”,- десек болгон жок. Жаны кыйналып турса да балдак менен басып билим алып жүрдү. Эртең менен мектепке жеткирип келебиз. 1-2 сааттан кийин эле: “Апа, бутум карышып жыла албай калдым”,- деп чалат. Кайсы жерде эмне жумуш жасап атсам да бүт таштап коюп жетип барам. Ошентип дарыгерлердин көзөмөлүндө, мугалимдердин колдоосунда болуп атып 11-классты быйыл бүттү. Кээде “мектепте жүргөндөн коркпойм, жол чырактан өтүп баратканда жамбашым карышып калса эмне кылам” деп калчу. Кудайга шүгүр, операциядан кийин азыр жакшы болуп калды. Буюрса, бүтүрүү кечеге барам деп турган кези.

— Көп эле түйшүк тартып атыпсыздар. Ошого карабай жолдошуңуз элден жардам сураганга каршы болдубу?

— Юра менен чогуу иштеген чыгармачылыктагы достору биринчи жолу операция болгондо ооруканага келип көрүп кетишкен. Гүлшайыр Садыбакасова, Расул Маматкулов, Ырыс Жоомартова, Салима Балтаева баштаган топ биздин кыйналып атканыбызды көрүп кайрымдуулук концерт уюштурабыз деп сүйлөшүптүр. Качан гана концерттик залдын ижарасын төлөп, ырчыларды чакырып уюштуруу иштери аяктап калганда Юрага угузушса чалкасынан кетти. Ачууланып “уят эмеспи” деп көпкө көнбөй койду. Акырында баарылап атып эптеп көндүрүштү. Ошондо да билеттин баасын эки жүз сомдон ашырбагыла деген талап менен макул болду. Кыргыз элиме миң мертебе ыракмат. Элсом номерге ар ким ар кандай сумманы салып атат. Чындап элден жакшы жардам болду. КТРКнын эмгек жамааты да колдоп кетти.

— Чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөн адам үйдө отуруп калып кыйналып атса керек?

— Башында аябай стресс болуп, бир жагынан оору жанын кыйнап жаман болуп жүрдү. Ага чейин деле кызынын операциясы кандай өтөт, басып кетсе экен деп бушайман болуп санаа тартып жүргөн. Ою бир жерде болбой жүрүп да ойлонуп кетип жыгылдыбы деп калам. Эми канаты кыркылган куштай болуп эле отуруп калды. Башында кашык менен тамак жедирип жүрдүм, азыр сол колу менен өзү тамак жеп калды. Баарынан да чыгармачылыкты, долбоорун сагынып кыйналып атат. “Ырдайлы кыргыз ырларын” долбооруна Юра бүтүндөй өмүрүн арнаган. Жада калса каржы жагынан тартыштык болгондо минип жүргөн унаасын, ал жетпей калганда меникин да сатып ушул долбоорго салган болчу. Ырдайбыз деген улан-кыздардын тамак-ашын, региондорго чыкканда жатаканасын өзү каржылачу.

— Долбоору эми токтоп турабы?

— Жакынкы күндөрү Чеченстанга бармакпыз. 8 улуттун өкүлүн алып барып чечен тилинде, чечендиктер кыргыз тилинде чыгармаларды аткарышмак. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганына быйыл 30 жыл болот. Бул салтанатка биздин долбоор да камтылган. Долбоордун алкагында ар улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде ыр ырдайт, манас айтат, көркөм окуу болот, улуттук аспаптарда ойношот. Азыр ушуга даярдык көрүп атабыз. Юраны дайыма коштоп, тапшырмаларын аткарып, учурда мен колу болуп турган кезим.

— Жолдошуңуз кыргызча суудай сүйлөйт, ошого жараша үйдөн да кыргыздын салттарын, үрп-адаттарын кармайбы?

— Жашаганыбызга жыйырма бир жыл болду. Күндө тамактангандан кийин бата кылат, үйдөн чыгарда “быссымылда” деп чыгат. Абалга жараша эки тилде сүйлөй беребиз. Бирок кыргыздын салттарын карманат. Христиандардын майрамында жумуртка, токоч бышырып дасторкон жайсак, Айт күнү куран окутуп кан чыгарабыз. Жакында эле кызым экөөнө кыргызча түлөө бердик. Кээде: «Керек болсо аялыма кыргызча сүйлөгөндү мен үйрөткөм»,- деп күлүп калат. Чындыгында эле орусча окуп калганга жолдошума караганда мен орусчаны көп сүйлөйт экенмин. Юранын болсо тили да, дили да кыргыз. Ал өзүн кыргызмын деп эсептейт. Биздин колубузда бир тууган кайнагам он жылдан ашык жашап калды. Карыганда ар кандай ооруга чалдыгып, бир нече жолу операция жасаттык. Ишкер болбогондон кийин бирде болбосо бирде акчадан кыйналат экенсиң. Ошондо Орусияда жашаган туугандарына чалып акча сураса баары эле жок дейт. Арасынан бирөөсү: “Азырынча интернатка тапшыра турбайлыбы”,- деди эле: “Андайды силер, каапырлар кыласыңар, кыргыздар бир тууганын андай жерге таштабайт!”-деп аябай жинденген. Ошондон кийин эч кимден жардам сурабай өлөр-өлгөнчө өзүбүз карадык. Өзү да аябай жакшы киши болчу, мени кызындай жакшы көрчү.

Денистин балдары чоң атасына келип турушабы?

— Ооба, тынымсыз эле келип турушат. Кызым кызы менен, балам баласы менен жакшы мамиледе. Алар келерде экөө тең кудуңдап күтүшөт. Биз да таттууларды бышырып, кадырлап тосуп алганга аракет кылабыз. Келгенде эки-үч күн жатып сагынычын таратып алып кетишет.

Жашаганыбызга жыйырма бир жыл болду дебедиңизби. Жылдар өткөнүнө карабай жолдошуңуз менен таанышкан күнүңүз бүгүнкүдөй эсиңизде сакталуу болсо керек?

— Юра экөөбүздү атам тааныштырган. 1997-жылы атам тирүү, мен телевидениеде иштеп жүргөн кезим. Спорт сарайында Юра «Кадыр түндүн» тандоо турун өткөзүп, атамды калыс катары чакырды. Атам менен чогуу барсам Юрага “менин кызым” деп тааныштырып калды. Ал учурда Юрий Бобков мен үчүн идеал болчу. “Бобков менен тааныштым” деп сыймыктанып, сүйүнүп жүрдүм. Ошондон эки жылдан кийин үйлөндүк. Юра менден 18 жашка улуу.

Улуу адамга турмушка чыгам десеңиз ата-энеңиз каршы чыкпай койбосо керек?

— Албетте, атам биринчи укканда каршы болгон. Ачуу басарга Жаныбек Алыкулов, Райхан эже, Самудин байке болуп барышкан. Атам үйгө киргизиптир, чай ичкиле деп отургузуп, бирок, ойлонгонго бир ай убакыт бериптир. Үй-бүлө куруу оюнчук эмес десе, мен да сүйөм деп туруп алдым. Акыры атам макулдугун берип, абдан жакшы тосуп алышты. Юра ошол эле күнү калың берди. Азыр туугандарым Юраны абдан сыйлашат.

Маегиңизге рахмат! Жолдошуңуздун тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз!

Анара Дүйшөналиева