Кесип

Замандын кирешелүү жана пайдалуу иштери

Учурдун талабына ылайык, бүгүнкү күндө ишкерликтин ар кандай түрлөрү бар. Айрымдар кызматын көрсөтүү менен алардын пайдасын көрсө, башкалар ал кызматты пайдалануу менен ишин жеңилдетет. Аялдар арасында учурдун актуалдуу кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркыларына токтолобуз.

 

Кесипкөйдүн жубайы болуу оңойбу?

Ар бир ийгиликтүү эркектин артында акылман жана күчтүү аял турары чындык. Биздин бүгүнкү каармандар - бул кептин чыныгы жашоодогу мисалдары. Эл үчүн кызмат кылган мырзанын жубайы болуу кандай экенин өз ооздорунан угалы.

 

МУРАТАЛИЕВА Айзада: “Оорулуу балдар мени апасындай көрүшөт”

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында майып балдар жана карылар үчүн 15 социалдык стационардык интернат үйлөр иштейт. Алардын бири Беловодск айылында жайгашкан. Бул мекемеге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды республиканын бардык аймагынан алып келишет. Жыйырма сегиз жаштагы Айзада айым аталган балдар үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүп эмгектенет.

Элизат: “Күйөөсү кызганчаак аялдар менин машинеме отурганда сүйүнүп кетишет”

Аял балдары үчүн, бүлөсү үчүн колунан келген иштин эч биринен жанын аябайт. Мейли өзү арысын-ачсын, үшүсүн-тоңсун, башкысы бүлөсүндө токчулук болсо, балдарынын курсагы тойсо болду. Элизат айым да ушундай ак эмгекти, таза мээнетти туу туткан энелердин катарында.

Султанов Бакир Жапарович, №4 төрөт үйүнүн доктуру, акушер-гинеколог: «Акушер-гинекологдук кесибимди аялым туура түшүнөт»

Төрөт наристенин жаңы башталган жашоосу болсо, эненин жашоосун кайра жаралганга тете жаңылаган керемет. Бирок бул керемет өлүм менен өмүрдүн күрөшүндө гана ишке ашат. Төрөттүн ийгиликтүү болуп, эненин наристесин аман-эсен колго алып бактылуу болуусуна, атанын сүйүнчү айтып маңдай жарыла кубануусуна себепкерлер – акушер-гинекологдор.

Болот ТҮРКБАЕВ: «Тамакты даамдуу жасагандан ырахат алам»

Кубансак болот, күн өткөн сайын аялдардын түйшүгү жеңилдеп, азайып баратат. Кир жуучу, идиш жуучу машиналар, үй тазалаган чаң соргуч, ашканадагы оригиналдуу буюмдар... Ал турсун, эми үй ээсин ордунан козгобой туруп коногун тосуп берип койгон кызматтар пайда болду.

Страницы