Кесип

Эл аралык мушкер калысы ЖАМИЛЯ Боркоева: "Мурдум муштум жеген сайын канай берип азыр көнүп калды"

Акыркы жылдары кыргыз спорт чөйрөсүнө кыз-келиндер көбүрөөк аралашып жатканы жакшы жаңылык. Аларды спорттун бардык түрүнөн кезиктирүүгө болот. Арасында мушташуу жаатында мушкерликтен калыстыкка чейин жеткендери да бар. Ал кыл аркандын ичиндеги мушкерлерди тейлөөдө өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн эл аралык мушкер калысы Жамиля Боркоева.

Күмүшай КАДЫРОВА: “Балыкты да баладай караш керек”

Аял - эне. Аял - аялуу жар. Аял - чарбакер айым. Бул сөздүн баары кыйын кырдаалына, татаал түйшүгүнө карабай чарбалык ишти аркалап, балык багууну профессионалдык деңгээлде өздөштүрүп кичи бизнесин кылдыратып келе жаткан Күмүшай айымга тийиштүү. Жаш экенине карабай ак эмгек менен ийгиликтерге жетишкенин көрүп ыраазы болуп, сиздер менен бөлүшүүнү туура таптык.

Жаңы жылды жумуш ордунда тоскон айымдар

Шаңданган майрамдык маанай менен дасторконун толтуруп, балдарынын кубанычтары менен бакытка балкып олтуруу ар бир аялга жарашат. Бирок майрамды майрам дебей күндүр-түндүр эл кызматында турган айымдар да бар. 2015-жылды тынымы жок, жада калса эң оор милдеттерди аткаруу менен тосуп алган айымдарга көңүл бурабыз.

 

Чолпон Кудайбергенова:"Мага көп басууга болбойт, ошон үчүн жүргүнчү ташып иштейм"

Адатта "таксист" дегенди укканда ар бир адам эле эркек кишини элестетет эмеспи. Бул жолу мен тааныш жүргүнчүдөн Бишкектен Кара-Буурага чейин аял таксист менен жеткенин угуп, кызыгуу менен ал аялды издедим. Андан кийинки биздин баарлашуу ошол Чолпон Кудайбергенова эженин мүнөзүнүн эркек кишиге тиешелүү сапаттарга бай экенин көрсөттү.

Страницы