Кесип

Күмүшай КАДЫРОВА: “Балыкты да баладай караш керек”

Аял - эне. Аял - аялуу жар. Аял - чарбакер айым. Бул сөздүн баары кыйын кырдаалына, татаал түйшүгүнө карабай чарбалык ишти аркалап, балык багууну профессионалдык деңгээлде өздөштүрүп кичи бизнесин кылдыратып келе жаткан Күмүшай айымга тийиштүү. Жаш экенине карабай ак эмгек менен ийгиликтерге жетишкенин көрүп ыраазы болуп, сиздер менен бөлүшүүнү туура таптык.

Жаңы жылды жумуш ордунда тоскон айымдар

Шаңданган майрамдык маанай менен дасторконун толтуруп, балдарынын кубанычтары менен бакытка балкып олтуруу ар бир аялга жарашат. Бирок майрамды майрам дебей күндүр-түндүр эл кызматында турган айымдар да бар. 2015-жылды тынымы жок, жада калса эң оор милдеттерди аткаруу менен тосуп алган айымдарга көңүл бурабыз.

 

Чолпон Кудайбергенова:"Мага көп басууга болбойт, ошон үчүн жүргүнчү ташып иштейм"

Адатта "таксист" дегенди укканда ар бир адам эле эркек кишини элестетет эмеспи. Бул жолу мен тааныш жүргүнчүдөн Бишкектен Кара-Буурага чейин аял таксист менен жеткенин угуп, кызыгуу менен ал аялды издедим. Андан кийинки биздин баарлашуу ошол Чолпон Кудайбергенова эженин мүнөзүнүн эркек кишиге тиешелүү сапаттарга бай экенин көрсөттү.

Нуркан БООБЕКОВА: “ТӨӨ КУШ БАГУУ МЕН ҮЧҮН ЫРАХАТТУУ”

Шаарыбыздын четинде төө куш багып, канча жылдан бери африкалык жандыктарды мекенибизде өстүрүп келе жаткан айымдын дарегин алып, атайын издеп бардык. Биз үчүн бейтааныш төө куштардын жумуртка кезинен башталган бардык сырын мыкты билген Нуркан эже төө куштар тууралуу кенен кеп куруп берди.

Унааларды жөнгө салуучу Элмира эже: «Пенсияга чыкканда ордума балдарымды иштетип коём»

Учурда кайда барбайлы мырзалар менен тең тайлашып иштеп жүргөн айымдарды кезиктиребиз. Аларды көрүп бир эсе кубансаң, бир эсе энелер балдарынын жанында болуп, төрдө олтурбаганына зээниң кейийт. Бүгүн дагы “Ош базарынын” жанынан кетип баратып, жол жээгине токтогон унааларды жөнгө салып иштеп жаткан айымга көзүм түштү.

Жаңыл ӨКӨЕВА, спорттун эл аралык класстагы чебери: “КИПКИЧИНЕКЕЙ БОЛУП ТУРУП “ШТАНГИСТКАМЫН” ДЕП АЙТУУДАН УЯЛАМ”

5 жыл мурун Кыргызстанда оор атлетика жөнүндө кеп болгондо кыздарды элестетүү мүмкүн эмес эле. Азыр ал доор артта калып, өлкөнү “алдыңкы 4-5 жылда штангисткалардын курама командасы түзүлүшү мүмкүн” деген сөз аралап жүрөт. Ошентсе да алардын сап башында кыздарга штангага чыйыр ачканы менен оор атлет Жаңыл Өкөева туруп калды.

Страницы