Кесип

Фотосүрөтчү Жазгүл МАЖИТОВА: «ФОТОСҮРӨТЧҮЛҮК КЕСИПКЕ ЖИГИТИМДИН АРТЫ МЕНЕН ЭЭ БОЛДУМ»

Азыркы учурда актуалдуу болуп турган кесиптердин бири - фотосүрөтчүлүк. Анткени, тойдобу, кечедеби же концерттеби колуна фотоаппаратын көтөрүп жүргөн фотосүрөтчүлөрдү оңой эле кезиктирүүгө болот. Бул учурга чейин аталган кесипти жалаң мырзалар аркалап келген болсо, эми айымдар дагы алардан кем калышпай иштеп жүрүшөт.

МАМЫРБАЕВА Анаркүл: “ЖЕЗКЕМПИРДЕЙ БОЛУП УЗУН ШЫПЫРГЫНЫ КОЛУМДАН ТҮШҮРБӨЙ ИШТЕП КЕЛЕ ЖАТАМ”

Таң менен жумушка кетип бара жатканыбызда жолубуз таза шыпырылганын байкасак да, бул эмгекти ким кылып жатканына маани бербейбиз. Шаардын тазалыгы үчүн кызмат кылган ал адамдар көчө жээгиндеги таштандыларды тазалап, жол жээктерин шыпырып ак эмгек менен жан багышат.

Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар үйүнүн тарбиячысы Адамкалиева Айганыш: "Балдар апасы алып кетчү күндү күтүп жашашат"

Ата-энесиз тарбияланып жаткан ар бир баланын жалдыраган көзүн, кусалуу жүзүн чыдап кароо, анын баёо үмүтүн сактоо абдан кыйын. Мына ушундай кесипти аркалап, балдарга ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп келе жаткан күнөөсүз жетим балдардын сүйүктүү тарбиячысын кепке тартып, кесиби тууралуу сурадык. 

САИТОВА Салтанат, Караколдогу зоопарктын жетекчиси, “Бугу Эне” коомдук фондунун президенти: Күйөөмдү эмес, жаныбарларды тандадым”

Кыргызстан боюнча жаныбарлар дүйнөсү болгон бир гана зоопарк бар экенин көпчүлүк биле беришпейт. Биздин ал зоопаркта бир топ жаныбарлар багылып, кээси жаратылышка кайтса, кээ бири өмүр бою адамдардын кароосунда болуп, ошол жерди мекендеп жашап калышат. Ушул багыт менен эмгектенип келген Салтанат айым бизде конокто болуп, жаныбарлар дүйнөсүнөн кеп кылып берди.

Динара: "Мончодо болсо дагы ак эмгек кылып жүргөнүмө сыймыктанам"

Адамдарды жакшы жана жаман маанай менен жүрүүчүлөр деп так экиге бөлүүгө болот. Биздин бүгүнкү конок жалаң гана жакшы маанай менен жүргөн адам экен. Анткени, Динара айым айрым адамдар жийиркенүү менен караган жумушту кабагым-кашым дебей чын көңүлү менен аркалап келет. Эң негизгиси ал адал эмгек дегенди түшүнөт жана баалай билет.

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын стюардессасы Айсулуу: "Дайыма асманда жүрүп, анан жерге түшүп калууну каалабайм"

Стюардессалык - көпчүлүк кыздардын кыялындагы кесип. Сырттан караганда романтикалуу, жыргалдай сезилген бул кесиптин да оор жактары бар. Айсулуунун стюардессалыктын жыргалына да, кууралына да бирдей чыдап иштеп келе жатканына беш жылдын жүзү болду. Ошондон бери ал убактысынын көп бөлүгүн асманда өткөрүп келет. 

Страницы