Тасма

Актёрлордун өмүрүн тобокелге салган тасма талаасы

Үйдөбү, кинотеатрдабы тасма көрүү кандай сонун ырахат. Бирок биз ал маалда бул тасма үчүн кандай эмгек жумшалып, кандай тобокелдиктер болгонун ойлонбойбуз дагы. Чындыкка келгенде ар бир тасма актёр, актрисалардын, тартуучу топтун ден соолугуна, керек болсо өмүрүнө коркунуч жаратып, нечен кыйынчылыктар, тоскоолдуктар менен ишке ашат.

 

Мээрим КАСАБОЛОТОВА: «Керездин образы үчүн адамдарга жек көрүндү да болдум»

Кыргыз кино тарыхындагы алгачкы сериалдардын бири «Апамдын махабаты» көпчүлүктүн сүйүктүү тасмасы бойдон калып келет. Тасмада агайы менен мамиле куруп кош бойлуу болуп калган мектеп окуучусу Керез деген кыз эсиңиздеби? Ал Керез кийин «Айыл өкмөтү» тасмасында дагы бир бадырая көрүнүп, анан тасма айдыңынан алыстап кеткенсиген.

Рыскүл эже: “Жанымды да берчү баламдан бөйрөгүмдү кантип аяйын”

Бул жашоо жалаң бүтүндүктөн, тегиз бакыттан турбайт. Ар кандай кыйынчылыктар өмүрдүн баркын сездирип, эркиң менен кайратыңды сынап турат. Эненин кажыбас-кайраттуулугуна, ченебес чыдамдуулугуна замандашыбыз Рыскүл эженин кебине кулак салып отуруп дагы бир ирет ынандым. Чебелектеген эненин акыбалын көргөн соң окурман журтуна жардам керек кезде кол сунган адам жүрөктө калат.

Айтматов ааламындагы айымдар

Залкар инсан Чыңгыз Айтматовду кыргыздын атын чыгарган жазуучу дегенибиз аздык кылат. Ал – өзүнчө бүтүн аалам. Себеби анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, театрларда коюлган спектаклдер канчалаган актёр, атрисалардын бактысын ачып, жылдызын жандырган.

Кубанычбек АЛЫБАЕВ, “ОЧКАРИК” тасмасынын баш каарманы: “Тасмада тагынган көз айнегим үйдө сакталуу”

Совет доорунда балдарга арналып тартылган «Очкарик» аттуу тасма учурда да кичинекейлердин сүйүктүү тасмасы бойдон калып келет. Алсыздарга жардам берип ар дайым жакшы гана иштерди кылууну кыялданган көз айнекчен баланын сүйкүмдүү кыймылдары чоңдорду да экран алдынан жылдырбай кармап турат. Элге сунушталганына 45 жылга таяп бараткан тасманын баш каарманы учурда 55 жашта.

Залкарлардын башын кошкон «көчө» тасмасы

«Ээй, аппагым/ сен менен кетти жаш чагым». Бул ырдын биздин, биздин ата-энебиздин, керек болсо айрым чоң ата, чоң энелердин да сүйүү тарыхында орду бар. Дал ушул ырдагыдай сүйүүнү абдан кылдаттык менен чагылдырган тасма жөн гана «Көчө» деп аталат.

Страницы