Жеңелер

Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВдун жубайы ЫРЫС: «Борончуну гастролдон коноктой тосуп алабыз»

Куудул Борончу Кудайбергеновдун аялы тууралуу жакшы пикирлерди угуп келем. «Эркекти хан кылган да, кара жер кылган да аял» демекчи, куудулдун үй-бүлөдөн да, сахнадан да бакыт тапканына ал айымдын салымы зор экен. Ырыс айым менен сүйлөшкөн соң ал тууралуу жакшы кептер бекер айтылбаганына ынандым.

Аскат СУЛАЙМАНОВдун аялы Мээрим: «Аскатты күйөрманы катары абдан жакшы көрчүмүн»

Аткаруу чеберчилиги, популярдуулугу жагынан сап башында турган актёрлордун бири Аскат Сулайманов өткөн жылдын күз айында экинчи ирет турмуш баштаган. Актёрдун арзуусу болгон айым тууралуу төмөнкү макаладан маалымат аласыз.

– Аскат мырза менен алгачкы таанышуу, алгачкы жолугушуу эсиңизде чыгар?

Шахзадакан Жумабекова: “Асан акем телевизордон чыкканда бүт айыл сүйүнгөн”

7-февраль - залкар обончу Асанкалый Керимбаевдин туулган күнү. Ал бу жарыкчылыкта болгону 49 жыл өмүр сүргөн.

“Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,

Жашагым келген эмес сенде жалган.

Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм,

Манасчылар кандай ата, кандай кожоюн?

Жер үстүндө кыргыз барда “Манас” дүйнө элин таң калтыра берет. Себеби элибиз кайсы заманда болбосун, кыргыз жүзүн манасчылары менен таанытып, кыргыз дүйнөсүн манасчылары менен даңазалап келет. Заманыбыздын белгилүү манасчылары да ушул улуу жүктү көтөрүп келишет.

Элмирбек ИМАНАЛИЕВДИН келинчеги Нурзат: «Элмирбектин күйөрманымын, айтыштарына дайыма барам»

Төкмө акындардын көч башында келе жаткан, оозунан сөзү төгүлгөн, дайыма жайдары жүрүшүнөн жазбаган, керемет ырлардын автору Элмирбек Иманалиев жакында КРнын Эл артисти болду. Эркектин ийгилигине биринчи кезекте кубанган жана ал тууралуу эң мыкты билген апасы жана өмүрлүк жубайы болот эмеспи.

Мухтар АТАНАЛИЕВдин жубайы Мукадас АТАНАЛИЕВА: “Үй-бүлөмдү сакташ үчүн бардык соккуларды көтөрдүм”

“Атаман”, “Жаш сулуу”, “Ак кайың” сыяктуу ырлары менен атактуулукка жеткен Мухтар Атаналиев жубайы Мукадас Атаналиева менен 29 жылдан бери түтүн булатып, бактылуу өмүр сүрүп келет. Төрт баланы тарбиялаган сүйүктүү жубайлар учурда жети неберенин жытына балкып турган кездери.

Страницы