Жеңелер

Алтынбек САПАРАЛИЕВдин жубайы Жамиля апа: “Атам артистке турмушка чыкканыма абдан капа болгон”

Кыргыз эстрадасын баштоочулардын, түптөөчүлөрдүн бири, “Стаканда кантың бар”, “Ой, тобо”, “Жүрөктү жүрөк тандасын” деген эскирбес ырларды эл алдына алып чыккан ырчы Алтынбек Сапаралиев улуу муундун кадырлуу ырчысы. Ырчынын учурдагы жаңылыктары менен катар, өткөн жашоосунун кызыктарын жубайы толкундана эскерип отурду.

Эрмек МОЙДУНОВДУН жубайы Жаркын БАЛЫКПАЕВА: «Эрмекти ушунчалык жакшы көргөн экенмин, аны кемпирлерден да кызганчумун»

Табият берген өзгөчө үнү менен учурунда абдан популярдуу болуп, жылдызы жанган ырчы Эрмек Мойдуновдун ысмы көпчүлүккө тааныш. Сыртта элдин сүйүктүү ырчысы, үйдө кыргызга белгилүү актриса Жаркын Балыкпаеванын өмүрлөшү болгонун билгендер да бар чыгар. 44 жыл бирге жашаган белгилүү түгөйлөрдү бир жыл мурун ажал эки дүйнөгө айрыган.

Табылды Актановдун жубайы Зуура Акылова: “Обонун жазып алганча башкага жанган сезимдерин көрмөксөн болуп коём”

Кыргыз журту толук көрүп чыккан “Айыл өкмөтү” тасмасында уурунун, “Белгисиз маршрут” тасмасында молдонун образын жараткан Табылды Актанов - актёрлуктан башка да бир топ өнөрдүн ээси. Ата жолун жолдоп, улуу өнөрдү улап манасчы, белгилүү ырчылар аткарып келишкен керемет обондордун автору.

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВдин жубайы Нурзада айым: “Биздин сезимдер жаңы баш кошкон күнүбүздөгүдөй”

Улуу-кичүүгө бирдей алынган ырчы Сыймык Бейшекеев - социалдык тармактарды эң жигердүү колдонгон, позитивдүү маалыматтарга бай жылдыз. Ырчы баракчасына кез келген окуяларынан тышкары жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу да байма-бай жарыялап турат. Айтор, чыгармачылык да, үй-бүлөлүк да, коомдук да иштерге жетишкен ырчынын айрым сырларын жубайы Нурзада эжеден сурамак болдук.

Замирбек ҮСӨНБАЕВдин байбичеси Саадат ҮСӨНБАЕВА: “Замирге татыктуу жар болуума эки энемдин салымы чоң болду”

Дүйнө жүзү боюнча кыргыз менен казак элине гана таандык улуу өнөр – төкмөлүк. Учурдагы төкмөлөрүбүздүн ак сакалы, улуу акын Алымкул Үсөнбаевдин уулу Замирбек Үсөнбаев - атпай журтка белгилүү инсан. Рубрикабыздын алкагынан чыкпай таланттын бейнесин ачуу үчүн өмүрлөшү Саадат эжени кепке тарттык.

Страницы