Жеңелер

Замирбек Сооронбаевдин жубайы Калича СЕЙДАЛИЕВА: «Режиссёрлор аялын көтөрөт экен, бизде андай болгон жок»

Чыгармачылыкта эриш-аркак бирге иштеп, кыргыз маданиятын көтөрүүгө салым кошуп келе жаткан жубайлардын катарына режиссёр, КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев менен жубайы актриса, КРнын Эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиеваны кошууга болот.

Нурлан ТИЛЕБАЕВдин жубайы Уулжан эже: “Нурлан экөөбүздүн бир кездеги бактылуу күндөрүбүздү сагынам”

1990-жылдардагы кечелердин “падышасы” аталып, элге “Унутам деп”, “Назира”, “Туулган күн”, “Сүйүү кечи” деген ырлары менен таанылган ырчы, обончу Нурлан Тилебаевди билбегендер аз болсо керек. Обончу буга чейин теле-радио тармагында эмгектенип, акыркы жылдары ЭлТР телеканалында башкы режиссёрдун милдетин аткарып жаткан.

Улукмырза ПОЛОТОВдун байбичеси Азимкан апа: «Улукмырза балдарынын чыгармачыл болушун эч каалабайт»

“Үч-Теректин үч кызы” аталган Раимбековалар, Малик Аликеев, Динара Акулова, Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Токтобек Асаналиев, Роза Аманова, Айжан Акимова, Алтынбек Каленов. Аты аталган ырчылардын бирин-биринен өйдө же ылдый деп айтууга мүмкүн эмес. Мунун сыры, балким, алардын бир адамдын тарбиясын алып, бир устаттын шакирти болушканындадыр.

Рысбек ЖАНТӨРӨЕВДИН жубайы Анара КИЙИКБАЕВА: «Экөөбүздүн тең мурунку никелерибиз чыгармачылыгыбызды түшүнүшкөн эмес»

«Бешилик» тобунун бир илиги Рысбек Жантөрөев куйкум сөздүү сатиралары менен көрүүчүнү өзүнө тарткан куудул десек болот. Андай болсо да табиятынан жулунбаган сапатынан улам башка куудулдардай жарк эте албай жүрдү эле. Акыркы учурларда концерт берип жубайы менен дуэт ырдап, сахнадан байма-бай көрүнүп калган куудулду алдыга сүрөгөн жубайы көрүнөт.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин жубайы Айгүл: “Өмүрбек мага бир көргөндө жаккан”

Элибизге белгилүү саясатчылардын катарын толуктаган Өмүрбек Текебаев 20 жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз элине талыкпай эмгек кылып келет. Демек, жубайы ага дайыма арка-бел болуп ишине колдоо көрсөтүп турарынан кабар берет. Мыкты саясатчынын жубайы кандай экени баарыбызды эле кызыктырса керек. Анда кийинки маекке назар салыңыздар.

Турат Касымбековдун жубайы Индира Кадырканова: «Жолдошум мени өзгөчө оюн уюштуруу менен ала качып алган»

Кара муруту менен кызыл галстугу куп жарашкан жылдыздуу инсан бир топ тасмалардын баасын арттырып, жарнамаларга көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Бир карасаң тойлордо тамадалык кызмат аткарып жаткан болсо, бир туруп медициналык борборунда жетекчилик кызматын аркалап жаны тынбаган ал жигердүү инсан - Турат Касымбеков.

Страницы