Жеңелер

Тотомидин ЖОЛДОШЕВдин жубайы Мээрим: «Көчөдө жүргөн кыздарга эмес, жолдошума ишенем»

Өткөн жумада басылмалардын бирине өзүн «Таалай элеси» тобунун солисти Тотомидин Жолдошевдин экинчи никеси катары тааныштырган адам маек берип ырчы экөө баш кошконун, ортолорунда бир баласы болуп, экинчисин көз жаруу алдында турганын, балдарынын атасы балдарына каралашпай, ал турсун, ар кандай сөздөрдү айтып коркутуп жатканын айткан эле.

“Имарат Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшенбек ИМАНАЛИЕВдин жубайы Жыпара айым: “Жолдошумдун ийгилигине кошкон салымым – ага эч качан тоскоол болбогонум”

Эркек киши эл арасында кадыр-баркка ээ болсо, анын артында жубайы турары анык. Анткени үйүндө баары жакшы болуп санаасы тынч адам гана сыртта мырзалык милдетин аткара алат.

Атактуулардын аялдары күйөөсү жөнүндө

Бүгүнкү 23-февраль ата мекенди коргоо күнүнө карата кыргыз элине билими, таланты, өнөрү менен кызмат кылып аты ар бир кыргызга тааныш болуп калган инсандар тууралуу аялдарынан эки ооз кеп сурадык. Кандай майрам болбосун, эң башкысы жакшы сөз менен жакшы маанайды талап кылат эмеспи.

Мамбет Мамакеевдин байбичеси Сокен апа: “Биздин баш кошуубузга менин чачымдын узундугу себеп болгон”

Көп жылдык эмгек жолунда миңдеген адамдын өмүрүн кайтарып берген ак халатчан атабыз Кыргыз Эл баатыры, академик, хирург Мамбет Мамакеев 90 жашка чукулдап калса да күн сайын оорулууларды кадимкидей кабыл алып, оор операцияларды жасарын угуп-билип жүрөбүз.

Таалайкан Абасова: «Министрдин аялы болуш деле оор экен»

Таланттуу жубайлар Алтынбек Максүтов менен Таалайкан Абасова бул учурга чейин актёр, актриса катары белгилүү болуп келген болсо, бүгүнкү күндө актёр мырза Маданият министри болуп олтурат. «Министрдин аялы» деген статуска ээ болгон актрисаны кепке тартып азыноолок маек курдук.

Кубик КАЛЫКОВдун жубайы Динара айым: «Кубиктин чыгармачылыгынан тажап көргөн эмесмин»

Сахналаштарынан чакан бою, чапчаң ою менен айырмаланган Кубик Калыков эр ортону элүүгө келип, өткөнүнө сереп салып, бүгүнкүсүнө каниет кылып таята болуп турган чагы. Бир түндүктүн алдындагы эркек менен аялдын жаны эле бөлөк болбосо, тилегени, күткөнү, ойлору бир эле болуп калат эмеспи.

Страницы