Жеңелер

Абдылда Иманкуловдун жубайы Ырыс эже: “Абдылданын мага бир гана жолу колу тийип, көзүм көгөргөн”

Түрдүү сатиралары менен элди күлкүгө бөлөп келген куудул Абдылда Иманкулов быйыл 50 жашка толуп, юбилейин белгилеп турган учуру. Эр ортону элүүгө чыккан куудул үйдө кандай адам, кандай жар, кандай ата экенин билүү максатында отуз жылдан бери өмүр кемесинде чогуу сүзүп келатышкан жубайы менен баарлаштык.

Жумаш Өмүрова, Төлөмүш Окевдин жубайы: “Төлөмүш мени эки жолу өлүмдөн алып калган”

Маданиятыбызга, анын ичинен кыргыз киносуна ат көтөргүс салым кошуп, тарткан тасмалары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келген көрүнүктүү инсаныбыз Төлөмүш Океевдин чыгармалары кыргыздын кино классикасына айланганы ырас. Кинорежиссёр көзү тирүү болгондо быйыл 80 жаш курагын белгилемек.

Эгемберди Бекболиевдин жубайы Айсалкын Осмонова: “Биздин жашообуздун режиссёру менмин”

“Эркектин сырткы көрүнүшүнөн, кийген кийиминен аялынын кандайлыгын билсе болот” дешет эмеспи. Ушул сөзгө ыктасак, кыргыздын белгилүү актёру, студенттеринин сүйүктүү окутуучусу, үнүнөн таанымал болгон радиожурналист Эгемберди Бекболиевдин жубайы жөнөкөй аял болбосо керек деген ойдо актёрдун үй-бүлө очогун жандырган айымды кепке тарттык.

Альбина Эралиева: “Тагдыр мени Сүйүнбай атаңар үчүн даярдап жүргөн го деп калам”

Алптардын сүйүүсү, сезими да алп болооруна Сүйүнбай атабыздын байбичеси Альбина апа менен аңгемелешип отуруп дагы бир жолу ынандым. Ынандым да ушундай сезимдердин али да барлыгына, аруулуктун, бийиктиктин коломтосу ушундай залкар адамдар аркылуу өчпөй сакталып жүргөнүнө ыраазы болуп жүрөгүм толкуду.

Юрий Бобковдун жубайы Асел Осмонова: «Жолдошум атамдын эң жакын досу, кийин сүйүктүү күйөө баласы болду»

Кыргыз ырларын даңаза менен башка улуттарга ырдатып, кыргыздын түшүн жоруган Юрий Бобковду сиз дагы кыргыз деп турган мекенчилдиги үчүн сыйласаңыз керек. Орустун уулу, кыргыздын сыймыгы болгон бул инсан үчүн эки элдин айырмасы деле билинбейт. Себеби, жыйырма жылга чамалаган убактан бери кыргыз кызына өмүрлөш болуп, элибиздин наркы менен жашап келет.

ТОКОН Эшпаевдин жубайы ИНАБАТ: “Токон Лира менен жашап жүргөндө төрт жылдай бизди кыйнап койду”

Кыргыздын “аял жакшы - эр жакшы” деген сөзү таамай айтылган. Дегеним, КРнын Эл артисти Токон Эшпаевдин кыргызга атагы чыккан белдүү ырчы болушуна, жеке жашоосунун жакшы нукка түшүүсүнө өмүрлүк жубайынын салымы зор болгонуна эже менен болгон маектен кийин толук ынандым.

– Эже, кыргыздын белдүү талантына тагдыр сизди кайдан жолуктурду эле?

Страницы