Жеңелер

Альбина Эралиева: “Тагдыр мени Сүйүнбай атаңар үчүн даярдап жүргөн го деп калам”

Алптардын сүйүүсү, сезими да алп болооруна Сүйүнбай атабыздын байбичеси Альбина апа менен аңгемелешип отуруп дагы бир жолу ынандым. Ынандым да ушундай сезимдердин али да барлыгына, аруулуктун, бийиктиктин коломтосу ушундай залкар адамдар аркылуу өчпөй сакталып жүргөнүнө ыраазы болуп жүрөгүм толкуду.

Юрий Бобковдун жубайы Асел Осмонова: «Жолдошум атамдын эң жакын досу, кийин сүйүктүү күйөө баласы болду»

Кыргыз ырларын даңаза менен башка улуттарга ырдатып, кыргыздын түшүн жоруган Юрий Бобковду сиз дагы кыргыз деп турган мекенчилдиги үчүн сыйласаңыз керек. Орустун уулу, кыргыздын сыймыгы болгон бул инсан үчүн эки элдин айырмасы деле билинбейт. Себеби, жыйырма жылга чамалаган убактан бери кыргыз кызына өмүрлөш болуп, элибиздин наркы менен жашап келет.

ТОКОН Эшпаевдин жубайы ИНАБАТ: “Токон Лира менен жашап жүргөндө төрт жылдай бизди кыйнап койду”

Кыргыздын “аял жакшы - эр жакшы” деген сөзү таамай айтылган. Дегеним, КРнын Эл артисти Токон Эшпаевдин кыргызга атагы чыккан белдүү ырчы болушуна, жеке жашоосунун жакшы нукка түшүүсүнө өмүрлүк жубайынын салымы зор болгонуна эже менен болгон маектен кийин толук ынандым.

– Эже, кыргыздын белдүү талантына тагдыр сизди кайдан жолуктурду эле?

Мар БАЙЖИЕВдин байбичеси РЫСКУЛБЕКОВА Мухаббат: “Биздин баш кошуу тоюбузда берилген белектер азыркыга чейин сакталып турат”

Кыргыз элинин адабиятында эки тилде бирдей суудай сүйлөп, эки тилде бирдей чыгарма жазган эки залкар талант бар. Бири айтылуу Чыңгыз Айтматов болсо, экинчиси - Мар Байжиев. Бүгүнкү күнү Мар Байжиев 80 жашка толуп маараке мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүгө пландалып жатат.

МАНАС БердибековДУН ЭКИНЧИ ЖУБАЙЫ ГҮЛНАРА: “Манастан калган эң чон белегим –кызым”

Өзүнүн көзү бир нече жыл мурун өтүп кетсе да куйкум сатиралары эл арасында актуалдуулугун жоготпой келген белгилүү куудул Манас Бердибековдун Гүлнара аттуу жубайы болгонун көпчүлүк биле бербейт. Бул айымга куудул 25 жашында баш кошуп, экөө бир кыздуу да болушкан экен.

Страницы