Жеңелер

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жубайы Гүлмира МАКАЕВА: “Ишке жеткир же машина жөнөт” деп тынчын албайм”

Калкты жагымсыз кырдаалдардан алыс болсо деген тилекте жан үрөп эмгектенип келе жаткан министр Кубатбек Боронов жубайына кандай жар, балдарына кандай ата, дегеле жеке жашоосунда кандай инсан экендиги сизге кызык болсо керек. Элдин көңүл борборундагы адам тууралуу билүүгө кызыгып министр мырзанын жубайын кепке тарттык.

Равшан ЖЭЭНБЕКОВдун жубайы Салкынай АЛИМБАЕВА: «РАВШАН ЭКӨӨБҮЗДҮН АК ҮЙДҮ АЙЛАНЫП ЖҮРҮП КЫЯЛДАНГАН ТИЛЕКТЕРИБИЗ ИШКЕ АШТЫ»

Өткүр сапаты, орундуу сөзү менен чоң саясаттан ордун таап келе жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков жубайына кандай жар, балдарына кандай ата, деги эле жеке жашоосунда кандай адам болду экен деген суроолор сизде дагы бар чыгар. Ар дайым элдин көңүл борборундагы адам тууралуу жакшы билген анын эң жакын адамы – жубайы болот эмеспи.

Болот МАКЕТАЕВдин жубайы Гүлмира эже: «ЭШИК ТАРС ЭТСЕ БОЛОТ КЕЛГЕНДЕЙ ЧУРКАП ЧЫГАБЫЗ…»

Бир учурларда калың эл сүйүп көргөн «Тагдыр» телеберүүсүнүн алып баруучусу, белгилүү журналист агабыз Болот Макетаевдин биздин арабыздан өтүп кеткенине саналуу гана күндөр болду. Бул оор жоготуудан учурда кыргыз эли капага батып, аганын иштеген жери ээнсиреп турган учур. Болот аганы эскерүү максатында агай менен отуз жыл бирге жашаган жубайы Гүлмира эжени кепке тарттык.

ЖУМАЛИЕВА Жумагүл, КР эмгек сиңирген артисти: “Кыргызбай экөөбүз бири-бирибизсиз жашообузду элестете албайбыз”

Бүгүнкү коногубуз кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, эл артисти Кыргызбай Осмонов агайыбыз менен 30 жылдан ашуун убакыттан бери бир түндүктүн алдында жашап келе жаткан Жумалиева Жумагүл айым. Эл кызматын аркалап келе жаткан адамдын өмүрлөшү болуунун ысык-суугу тууралуу коногубуз буларды кеп кылып берди.

Ташболот БАЛТАБАЕВдин жубайы Жаңыл БАЛТАБАЕВА: “ТАШБОЛОТ ЭКӨӨБҮЗ ЭЧ КИМГЕ АЙТПАЙ БАШ КОШУП АЛГАНБЫЗ”

Бир көрүп жактырышып, оор кырдаалда бири-бирине арка-жөлөк болуп 48 жыл түтүн булатып бирге жашаган Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаевдин жубайы Балтабаева Жаңыл эже биздин төрүбүздүн коногу болду. Депутат менен бирге өмүр сүрүп, саясаттын артындагы ар кандай күнгө күбө болгон Жаңыл эже бизге буларды айтып берди.

Бакыт БУКАЕВдин жубайы Жылдыз: «УУЛУМ «АТАМА ЧАЛ, СҮЙЛӨШӨМ» ДЕП ЖҮРӨКТҮ ЭЗЕТ»

Кыргызга журналист, шоумен, акыркы учурда тамада катары белгилүү болгон Бакыт Букаевдин кылмышкерлердин колунан мыкаачылык менен каза болгону уккан ар бир адамды сестентпей койгон жок. Бул окуя баарынан дагы анын жакындары үчүн оор сокку болду. Таланттуу инсан менен беш жыл чогуу жашап, жашоонун ысык-суугун бирге көрүп калган жубайынын күйүтүндө чек жок.

Страницы