Жеңелер

Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВдун жубайы Кенже эже: «ӨСПҮРҮМ КЕЗИМДЕГИ СҮЙҮҮМ ҮЧҮН КӨП НЕРСЕГЕ КӨЗ ЖУМДУМ»

“Жеңелерден жетик кеп” рубрикабыз элге эмгеги сиңип, аты ар бир адамга тааныш болуп калган белгилүү инсандардын бейнесин өмүрлөшү аркылуу ачып келе жаткандыгы сизге белгилүү. Биздин бул жолку ардактуу коногубуз сүрдүү жүзү, мээримдүү үнү жана кайталангыс образдары элге жакындан тааныш болгон таланттуу инсан Дүйшөн Байдөбөтовдун жубайы болмокчу.

Асылбек ӨЗҮБЕКОВдун жубайы Сүйүн эже: “Сырттан караган адамга чыгармачыл адам менен жашаш жыргалдай сезилет”

Аткарган мыкты ролдору, мукам үнү үчүн КРнын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековго кимдер гана суктанбаган, кимдер гана ашык болбогон. Биз бул ирет ошол эл суктанган адамга кандай жубай туш болгонуна кызыктык. “Эрди эр кылган дагы, кара жер кылган дагы аял” демекчи, көрсө, агайдын ушул деңгээлге жеткенине жубайынын таасири чоң болгон экен.

Жолболду АЛЫБАЕВдин өмүрлөшү Бүсайра эже: “Жокени "запойдо" жүргөнүнө карабай сүйгөн экенмин”

Уккан адамдын жан дүйнөсүн сүйүү сезимдерине жетелеген “Чолпонум” аттуу кайталангыс чыгарманын автору Жолболду Алыбаев азыркы кездеги маданияттын алдыңкы өкүлдөрүнүн сап башында турат. Жашоосун чыгармачылыкка арнаса да борбордон алыс турган талантыбыздын жаңылыктарын суроо менен жубайынын сырын уктук. Анда жаркылдаган шайыр жеңенин ачык маеги башынан болсун.

Манасчы Уркаш МАМБЕТАЛИЕВдин байбичеси Батыш апа: “АБЫШКАМДЫН БОЛГОН ОЙЛОГОН, КАЙГЫРГАНЫ ЭЛЕ МАНАС БОЛЧУ”

Кыргыздын Тыныбек, Саякбай, Сагынбай манасчылар баштаган улуу өнөрүн бүгүнкү күндө Рысбай, Дөөлөт, Үмөт сыяктуу манасчылар улантып келе жатышат. Бир кезде улуу “Манас” жомогуна абдан кайдыгер мамиле кылынып калган. Ошол кезде көпчүлүктөн суурулуп улуу өнөр менен алек болуп, аны сактап калганга ак эмгегин жумшаган бир муундун жалгыз манасчысы Уркаш Мамбеталиев болгон.

Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА: “Минтип жашай бербей ажырашып кетейин деп..”

Атагы таш жарган тарыхтагы чыгаан адамдардын үй-бүлөлүк тылы күчтүү болгонунан улам алдыга чыга алышканы белгилүү. Мындай жолдошуна арка-бел болгон аялдарды келечекти терең ойлонгон баатыр айымдар десек болот. Анын бири - “Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат айым.

Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева: "Аскар менин идеям менен бизнеске өткөн"

Эл ичинде бизнесмен аталган белдүү мырзалардын алдыңкы катарында Аскар Салымбеков деген инсан тураары эч кимге талашсыз. Элге иши менен жүзү гана тааныш бул инсандын ичинин кандай экенин жалгыз гана жубайы билери чындык. Бирге түтүн булатып, чоң ийгиликтерге жетүүсүнө алгачкылардан болуп салымын кошкон өмүрүлүк жары Гүлмира Сулаймановна бизде конокто.

Страницы