Жеңелер

Апаз Жайнаковдун жубайы Айтгүл эже: "Апаз тиккен бактардын бүрдөгөнүн көрүп, жүрөгүм тилинип жатат"

"Кыргыз жери", "Өрүкзарга кетели" деген ырлар ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун тапкан десем жаңылышпайм. Ал турсун бир учурларда "Кыргыз жери" ыры мамлекетибиздин экинчи гимнине айланган эле. Дал ушул мыкты ырлардын авторун өткөн күздө жоготуп алганбыз. Бирок, талант өзү өлсө дагы анын артында калган ырлары, жакшы аты жашай берет экен.

Курсан Асановдун жубайы Баргибаева Жыпаргүл: "Өзүмдөн биринчи балдарымдын атасынын өмүрүн, ден соолугун ойлойм"

Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат. Даанышмандар аныктап кеткен бул накыл кептин чыныгы каарманы бүгүн бизде конокто. Кыргызстандагы кан күйгөн согуштарда каармандык кылган генерал Курсан Асанов мекендештери үчүн теңдешсиз баатыр инсан.

Кеңеш Курманалиева: "Алтымыш жыл бирге жашап араздашуу дегенди билген жокпуз"

Кыргыз кино жана театр искусствосунун ардагери Бакирдин Алиев жакында 81 жаш курагында арабыздан узап кетти. Таланттуу инсандын эмгек менен баскан жолу башкаларга үлгү болсун деп атанын өмүрлөшү Кеңеш апаны кепке тарттык. Алтымыш жыл бирге жашап үй-бүлөнүн да, күжүрмөн эмгектин да түйшүгүн тең тарткан өмүрлөшү Бакирдин ата тууралуу буларды эскерип олтурду.

Кыргыз Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВДин өмүрлүк жары Зейне КАЛЫЕВА: “Агайыңар жазчу чыгармасын ак жаандай төгүп салып басып кетет”

Элибизге белгилүү, эл кадырына ээ болгон Эл акындарыбыз саналуу гана. Алардын бири айтылуу Шайлообек Дүйшеев. Агайыбыз өткөн жылдын аягы менен “Агындылар” аттуу китебин жарыкка чыгарып, бүгүнкү күндө окурмандардын кызыгуусун арттырып турган кез. Кыргыздын таланттуу инсаны Шайлоо агайдын жеке турмушуна баш багып, Зейне апабызды кепке тарттык.

Роза Жумабекова: "Эл сүйгөн адамга жубай кылган Кудайга ыраазымын"

Эмчи колу менен элине кызмат кылып, канчалаган өмүрлөргө жаш кошкон Сабырбек Жумабеков деген ак халатчан мырзаны баарыбыз жакшы билебиз. Ал адамдын ары түйшүктүү, ары кызыктуу жашоосунун жүгүн бирге көтөрүшкөн жубайы Роза айым бизде конокто. Өмүрлөшү тууралуу сыймыктануу менен айтып берген маеги сизди да кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Страницы