Жеңелер

Кыргыз Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВДин өмүрлүк жары Зейне КАЛЫЕВА: “Агайыңар жазчу чыгармасын ак жаандай төгүп салып басып кетет”

Элибизге белгилүү, эл кадырына ээ болгон Эл акындарыбыз саналуу гана. Алардын бири айтылуу Шайлообек Дүйшеев. Агайыбыз өткөн жылдын аягы менен “Агындылар” аттуу китебин жарыкка чыгарып, бүгүнкү күндө окурмандардын кызыгуусун арттырып турган кез. Кыргыздын таланттуу инсаны Шайлоо агайдын жеке турмушуна баш багып, Зейне апабызды кепке тарттык.

Роза Жумабекова: "Эл сүйгөн адамга жубай кылган Кудайга ыраазымын"

Эмчи колу менен элине кызмат кылып, канчалаган өмүрлөргө жаш кошкон Сабырбек Жумабеков деген ак халатчан мырзаны баарыбыз жакшы билебиз. Ал адамдын ары түйшүктүү, ары кызыктуу жашоосунун жүгүн бирге көтөрүшкөн жубайы Роза айым бизде конокто. Өмүрлөшү тууралуу сыймыктануу менен айтып берген маеги сизди да кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Батыйгүл Жумадыловна: "Илимдеги ийгилиги үчүн жаңы ачылган жылдызга "Алтай" аты коюлган"

Белгилүү коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты, окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук академиясынын академиги Бөрүбаев Алтай Асылканович кыргыздын өрнөктүү инсандарынын бири.

Каныбек Осмоналиевдин жубайы Медеркан Осмоналиева: "Каныбек спорт деп жүрүп балдарынын кантип чоңойгонун билбей калды"

Кыргыз элинин Баатыры, оор атлетика боюнча эң жеңил 52 кг салмакта XXII Москва олимпиа­дасынын, дүйнөнүн 4 жолку, Европанын жана СССРдин 2 жолку чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев агабыз менен баарыбыз сыймыктанып келет эмеспизби. Чемпиондун жеке жашоосу тууралуу билүү андан кызык.

Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза айым: "Терезенин түбүндө кылдыратып нарда ойноп отурганы көз алдымдан кетпей жатат"

Бул жыл кыргыз мада­нияты үчүн чоң жоготуу­ларга бай жыл болду. Кыргыз элинин мада­ниятын бекемдеп, журтуна керемет ырахат­тарды тартуу­лаган улуу инсан­дарыбыздын арасынан куудул Жаныбек Алыкуловду да жоготуп алдык. "Шорпо" аты менен элдин эсинде калган талантты өмүрлүк жары Азиза эже көз жашына ээ боло албай олтуруп эскерди.

Страницы