Атанын кызы

Нариман ТҮЛЕЕВдин кызы Назгүл: «Атамдын алты саны аман кутулуп чыкканына Жаратканга ыраазымын»

Мындан бир топ убакыт мурун коррупциялык иштер боюнча айыпталып экс-мэр Нариман Түлеев камакка алынган. Минтип 7-майда бошотулуп, учурда үй-бүлөсүнүн кашында бактылуу күндөрүн улантып жаткан чагы. Атасынын укугун талашып, Нарымбаев менен Коркмазовду каматканы менен таанымал болгон Назгүл Түлееваны маекке чакырдык.

Айданек, Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин кызы: “Дүйнөдө менин апаман өткөн күчтүү аял жок”

"Ата-Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 20 жылдан ашуун убакыттан бери саясат жаатында өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп келет. Анын эл алдында кандай экенин билгенибиз менен үй-бүлөдө кандай ата экендигин биле бербейбиз. Атасы тууралуу улуу кызы Айданек айтып берет.

– Белгилүү саясатчынын кызы эмне менен алек болду экен?

Табылды Эгембердиевдин кызы Салтанат: “Атамдын байлыгы неберелерине чейин бөлүндү”

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди кимдер гана тааныбайт. Анын кылган эмгектери ар бир кыргыздын жүрөгүндө сакталып келет. Арабыздан кеткенине жыл айланган ишкер тууралуу кызы Салтанат эскерет.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВдун кызы Бегимай: «Акыркы убактарда атамды телевизордон эле көрүп калдым»

Алгач бизнес жаатында ийгилик жаратып, учурда ЖКнын депутаты болуп элге кызмат кылып жаткан Чыныбай Турсунбеков иштин эле эмес, бала тарбиялоонун жолун да мыкты өздөштүргөн ата экен. Ал балдарын кичинесинен эмгекке тартып, өз алдынчалыкка үйрөткөн. Бул тууралуу кызы Бегимай айтып берет.

– Бегимай, Чыныбай Акуновичтин канчанчы кызы болосуң?

Бермет Асылбашева, КРнын эмгек синирген артисти Мелис Асылбашевдин кызы: “Атам өмүрүнүн аягына чейин бийледи”

Кыргыз маданиятында эмгеги менен аты чыккан, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамблин көп жылдар бою жетектеген Кыргыз Эл артисти, Эмгек сиң ирген ишмер, Токтогул сыйлыгынын лауреаты жана бүткүл союздук балет өнөрүнүн лауреаты Мелис Асылбашев бул дүйнө менен кош айтышып кетсе дагы артында тынымсыз улана берчү иши калды.

Атактуу атанын кыздары

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал ырчы, обончу Рысбай Абдыкадыровдун артында туяк калбаса да суйкайган сулуу кыздары бар. Учурунда төрт кызды атап келишсе, чыныгы жашоодо беш кызы бар экенин көптөр билишпесе керек. Атанын жолун улап, чыгармачылык менен алектенишпесе да “атанын кызы” делинип ар кимиси турмуштан өз ордун таап, бактылуу эне, сүйүктүү жар.

Страницы