Атанын кызы

Асанкан ЖУМАКМАТОВдун небере кызы Жамиля: «Атамдын кан күйгөн согуштан аман келип, лифттен ажал тапканы бизди күйгүздү»

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет» деп Аалы Токомбаев төгүн жерден айтпаптыр. Эл үчүн эмгек кылган ар бир инсан эл эсинен унутулбайт турбайбы. Дал ушундай эмгеги менен эл эсинде жашап калган КРнын баатыры, кыргыз маданиятына зор салым кошкон мыкты дирижёр Асанкан Жумакматовду небере кызы менен чогуу эскердик.

Жусуп АБДРАХМАНОВдун кызы Ленина АБДРАХМАНОВА: “Ата, азыр мамлекет башында сиз болгондо эл мынчалык кыйналбайт болчу”

ХХ кылымдын башында кыргыз калкынын бактысына жарк этип жанып, чоң эмгектерди кылып жаткан кезинде тоталитардык режимдин кандуу жолунда кырчындай өмүрү жазыксыз кыйылган Жусуп Абдрахмановдун ысымы көп жылдар бою айтылбай да, жазылбай да келген. Эркин заманда биз Жусуп Абдрахмановдой эрте өчкөн “көмүскө” инсандарыбызды кайрадан жандандырууга мүмкүнчүлүк алдык.

Эльвира СУРАБАЛДИЕВА,ишкер: “Атам балдарыма батадан башканын кереги жок дечү…”

Борбору­буздагы «Кудай­берген» аталган унаа тетик­терин сатуучу базардын директору Эльвира Сура­балдиева жаш болсо да ишкерликтин ички сырларын терең өздөштүргөн айым. Анын атасы кыргызга таанымал коомдук ишмер, СССРдин спорт чебери, КРнын дзюдо федерациясынын алгачкы президенти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жыргалбек Сурабалдиев.

Кубатбек Жусубалиевдин кызы Жамбы Жусубалиева: "Атам мен үчүн эң мыкты үлгү инсан"

Эл сүйгөн чыгармаларды жараткан жазуучу, эч кимдикине окшобогон жашоо образынын ээси, кыргыздын жан жүйнөсү бай, терең жана күчтүү инсаны Кубатбек Жусубалиев аты белгилүү болсо да айылдын жашоосун тандап алган кызыктуу адам. Атанын атын татыктуу алып жүрүүнү максат кылган жалгыз кызы Жамбы айым учурда коомдук телеканалда эмгектенип, кыргыздын искусствосу үчүн кызматын кылып келет.

Ширин Абдрахманова:"Эки байбичеси кара кийип, кан жутуп үйдө атамды жоктоп отурушат"

Күү атасы Нурак Абдрахмановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтуусу кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болуп, кыргыз искусствосунун бир капшыты эңшерилип калды. Улуу күүлөрдү жараткан залкар инсан ушул күнгө чейин эл арасында кадыр-барктуу болуп келген болсо, бүгүн жана мындан ары да дал ушундай таасирдүү касиетин жоготпой эли менен бирге жашай берет.

Страницы