Атанын кызы

Кубатбек Жусубалиевдин кызы Жамбы Жусубалиева: "Атам мен үчүн эң мыкты үлгү инсан"

Эл сүйгөн чыгармаларды жараткан жазуучу, эч кимдикине окшобогон жашоо образынын ээси, кыргыздын жан жүйнөсү бай, терең жана күчтүү инсаны Кубатбек Жусубалиев аты белгилүү болсо да айылдын жашоосун тандап алган кызыктуу адам. Атанын атын татыктуу алып жүрүүнү максат кылган жалгыз кызы Жамбы айым учурда коомдук телеканалда эмгектенип, кыргыздын искусствосу үчүн кызматын кылып келет.

Ширин Абдрахманова:"Эки байбичеси кара кийип, кан жутуп үйдө атамды жоктоп отурушат"

Күү атасы Нурак Абдрахмановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтуусу кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болуп, кыргыз искусствосунун бир капшыты эңшерилип калды. Улуу күүлөрдү жараткан залкар инсан ушул күнгө чейин эл арасында кадыр-барктуу болуп келген болсо, бүгүн жана мындан ары да дал ушундай таасирдүү касиетин жоготпой эли менен бирге жашай берет.

Нургүл Турарова: "Атамдай улуу инсан болуу үчүн кайра баштан төрөлүү керек"

"Атам менен энеме", "Күн чыгышым", "Апакеме", "Жаңы жылды тосолу" деген керемет ырлардын сөзүн жазган алп акын Турар Кожомбердиев ыр жандуу кыргыз элинин бактысына жаралган жарык жылдыз. Арабыздан алыстап кеткенине көп болсо да калтырып кеткен ырлары окурман журтчулугуна жаңы гана жазылгандай таасир калтырат.

Страницы