Менин апам

Гүлбү Ороскул кызынын апасы Адиса апа: “Кызым теңин тапса экен деп тилейм”

Кыргыз эли Гүлбү Ороскул кызын ырчылыктан тышкары “Сармерден” теледолбоорундагы шайыр жеңе катары да тааныйт. Сахна үчүн жаралгандай жагымдуу келбетке ээ, эки кызды эрезеге жеткирген мээнеткеч эне Гүлбү айымдын айымдарга үлгү болчу көп жакшы сапаттары, артыкчылыктары бар. Адамдын ийгиликтүү болуп калыптануусуна, албетте, эненин таасири чоң экени талашсыз.

Күмөндөр Абыловдун апасы Алтын апа: «Көзүм тирүүсүндө Күмөндөр үйүн бүтүрүп кирип алса болот эле»

Боорду эзген тамашалары менен турмуш чындыгын айтып жумурай журттун алкоосуна, сыйына татыган ак чач, ак мурутчан Күмөндөр Абылов кыргыз эли боюнча бир гана адамга али бала, али кичине бойдон. Биз улуу деген инсанга жаш баладай үйрүлгөн, албетте, куудулдун апасы.

Салтанат Саматованын апасы Жумабүбү апа: «Салтанаттын ден соолугунан азыр санаабыз тынч»

Салтанат Саматова шоу дүйнөнүн көзүрү эле эмес, позитив тараткан шаңдуу мыкты адам. Ал жүргөн жер турсун, анын сөзү жарыяланган кагаз да жандуу сыяктанып, Салтанат айымдын айткандарынын таасиринен адам кандайча жайдарыланып алганын байкабай да калат. Ушундай чечен, эрктүү, күчтүү, энергиялуу айымды кандай эне жарыкка алып келип, тарбиялап элге кошту экен? ..

Нуриса жана Таалайкан АБАЗОВАлардын апасы Шарниза апа: «Эки кызымдын артист эмес, мугалим болушун каалагам»

Эне үчүн баласынын элге таанымал адам болушу, албетте, сыймык. Шарниза апа - андай бакытка эки эсе ээ эне. Себеби белгилүү актриса Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриса Абазова - дал ушул эненин эрке кыздары. Жакында «Баатыр эне» наамына ээ болуп, балдарынын төрүндө балпайып олтурган энени кепке тартып таланттуу кыздары тууралуу маек курдук.

Апам, апам, жан апам...

Апа – баланын коргоочусу, колдоочусу, дарыгери, ашпозчусу, мугалими, сыймыгы, айтор, бүтүндөй жашоосу. Кайсы балага суроо салба, апасы тууралуу кеп кылуу ага жагымдуу. Биз бүгүн жылдыз энелердин балдарын кепке тартып апалары тууралуу азыноолак сурадык. Эмесе, жылдыздардын уулдары менен таанышып алыңыз.

 

Эркин Рыскулбековдун апасы Роза эже: «Уулума туш болгон кыз бактылуу деп ойлойм»

Кыргыз маданиятында эне тили менен кошо чет тилдерде бирдей сүйлөп иш алып барган алып баруучулар саналуу эле. Алардын бири - көрүнүктүү теледолбоорду алып барган таланттуу жигит Эркин Рыскулбеков. Эркин мырзаны КТРКнын «Ой-Ордо», «Миллионер болгуң келеби?» берүүлөрүнөн тышкары мамлекеттик салтанаттардан жана тойлордон да көрүп келебиз.

Страницы