Менин апам

Апам, апам, жан апам...

Апа – баланын коргоочусу, колдоочусу, дарыгери, ашпозчусу, мугалими, сыймыгы, айтор, бүтүндөй жашоосу. Кайсы балага суроо салба, апасы тууралуу кеп кылуу ага жагымдуу. Биз бүгүн жылдыз энелердин балдарын кепке тартып апалары тууралуу азыноолак сурадык. Эмесе, жылдыздардын уулдары менен таанышып алыңыз.

 

Эркин Рыскулбековдун апасы Роза эже: «Уулума туш болгон кыз бактылуу деп ойлойм»

Кыргыз маданиятында эне тили менен кошо чет тилдерде бирдей сүйлөп иш алып барган алып баруучулар саналуу эле. Алардын бири - көрүнүктүү теледолбоорду алып барган таланттуу жигит Эркин Рыскулбеков. Эркин мырзаны КТРКнын «Ой-Ордо», «Миллионер болгуң келеби?» берүүлөрүнөн тышкары мамлекеттик салтанаттардан жана тойлордон да көрүп келебиз.

Азиз МУРАДИЛАЕВдин апасы Анара СЫДЫГАЛИЕВА: “Азиз оорусун гастролдон жуктуруп келген”

Азиз Мурадилаевди учурдун мыкты актёрлорунун катарын толуктайт десек болот. Тилекке каршы, оору деген мыкты актёр, белгилүү адам экениңе карабайт турбайбы. Боордун цирроз оорусуна кабылып, учурда реанимацияда жаткан актёрго жардам керек деген маалыматтар кеңири тарап, күйөрмандарынын тынчын алып турган учуру. Актёрдун абалын билүү үчүн апасы Анара эжеге жолуктук.

Гүлзат Байзакованын апасы Айымбүбү апа: “Гүлзатты азыр дагы боорума кысып эркелетем”

Атпай кыргызга таанымал ырчы Гүлзат Байзакованын белгилүү ырчы болгонго чейин түйшүктүү турмуш кечиргенин билгендер арбын болсо керек. “Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык” дегендей, ырчынын ал күндөрү артта калып, эми жалаң жарык жашоонун доорун сүрүп жаткандай.

"Балам бала кезинде..."

Балалык - ар бирибиздин баалуу эскерүүбүз. Баарыбыздын эң бактылуу курагыбыз. Анан чоң турмуштун агымына түшкөнү ал күндөрдүн кызык ирмемдеринин көбүн унутуп калабыз. Бирок биз унуткан нерселерди бүт өмүрүн жадында сактап, ар качан сыймык менен баяндап турчу бир асылзат бар. Ал – энебиз.

Гулпар апа, Айсулуу Тыныбекованын апасы: “Кызымдын таймаштарын көрө берип мен дагы күрөштүн калысы болуп калдым”

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын желегин дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде желбиретип жүргөн Айсулуу Тыныбекова дүйнө боюнча эң күчтүү балбан кыздардын мыкты ондугуна кирет.

Страницы