Менин апам

Акылбек ЖАПАРОВдун апасы Бегайым Саринжиева: «Кичинекей окумуштуунун апасы келди» дешсе сыймыктанчумун»

Бул жарыктыкта абдан маанилүү, абдан түйшүктүү, абдан жоопкерчиликтүү, күн тынчыңды, түн уйкуңду бөлүп, керек болсо бүтүндөй жаштыкты, өмүрдү талап кылган бир жумуш бар. Бирок ал жумушка айлык акы төлөнбөйт. Ал жумушту аткарган өзгөчө адамдын эмгек акысын АДАМ болуу менен гана төлөп бере алабыз… Ал жумуш - ЭНЕ болуу, ал эмгекчил адам - биздин ЭНЕбиз.

Аскарбек Шадиевдин апасы Айсана Шадиева: «Cегиз балам – сегиз аалам»

Жайдын ысыгында болгон бул маек адаттан тыш мээрим менен коштолгону эсимде. Ал мээрим али да көөдөнүмдү жылытып жүрөт. Эпейген арык чырай, акактай таза жүздүү байбиче бизди жылуу тосуп алды. Касиетиңден айланайын, карылар, байбиче бизден кадимкидей ыйбаа кылып кымтыланып, кеп акырына кулак түрүп, сөз нугуна карата жооп узатып сыпайы отурду.

Айнура Кабатай кызынын уулу Нуржигит: «Апам кожойке катары теледегидей эле профессионал»

Кыргыз телесинин жүзү Айнура Кабатай кызы бизге мурдагыдай эле жаш көрүнгөнү менен учурда уулу бой тиреп калды. Мыкты эненин тарбиясын алган ошол азамат бизде конокто.

Аты-жөнү: Нуржигит Кубанычбек уулу

Туулган жылы: 1991-жыл

Гүлшан Молдоеванын кызы Чынара: “Апам уй эле саабай, чөп да чабат”

Ар бир үйдүн эшигин какпай кирип төрүндөгү сыйлуу конок болгон кыргыз телесинин жүзү Гүлшан Молдоеванын жеке жашоосу, кандай эне экенине кызыккан окурмандардын көптүгүн эске алып, кызы Чынараны маекке тарттык.

Аты-жөнү: Тилегенова Чынара Табалдиевна

Нурзат Токтосунованын апасы Бүбүш апа: «Нурзат бала төрөп үйдө эле олтурса болмок»

Апа - кандай ыйык зат. Баласы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо кайгырып, ооруса андан эки эсе ооруган ушул гана адам. Ал эми баласынын ийгилигине күбө болсо, өзүн бактылуудан-бактылуу сезет. Мына ушундай энелердин бири - Нурзат Токтосунованын апасы Бүбүш апа. Апаны маекке тартканыбызда кенже кызы Нурзат тууралуу кубануу менен кеп салып берди.

Страницы