Менин апам

Токтобек Асаналиевдин апасы Жумабүбү апа: «Уулум окуу үчүн ырас эле менден качып кеткен экен»

“Кандай аял тууду экен?..” рубрикабыздын кезектеги каармандары таланты менен көпчүлүктүн сыйына татыган ырчы Токтобек Асаналиев менен аны жарыкка алып келип элине берген карапайым жашоонун эң жөнөкөй инсаны Жумабүбү апа болушмакчы. Бул маек сизге эне-баланын бири-бирине болгон сыйы, бири-бирине болгон мээрими түбөлүк чексиз бойдон каларын сездирет деп ишенебиз.

Аскат Мусабековдун апасы Тамара эже: “Аскат сынактарга катышканда кошо жөнөчүмүн”

Учурда улуу-кичүүнүн назарын өзүнө буруп, чыгармачылыктын бийиктигинде өз ордун кармап турган Аскат Мусабеков деген ырчы көпчүлүгүбүзгө тааныш. Ошол эле учурда сүйүктүү ырчыбыздын балалыгы, андагы кылыктары биз үчүн сыр сыяктанып келет. Дал ушул сырларды билүү үчүн Аскат Мусабековдун апасы Тамара эже менен сыр бөлүштүк.

Канат Садыковдун апасы Сабира апа: “Канат абдан токтоо, бирок ачуусу келгенде даап бара албайбыз”

Энелер күнүндө миллиондогон энелер “Майрамыңыз менен, АПА!” деген сөздү угуп маңдай жарыла кубанышты. Апалардын кубанычы кут болсун деген маанайда ошондой бактылуу энелердин бири залкар акын, Кыргыз Республи­касынын гимнинин автору Жалил Садыковдун жары, Билим берүү министри Канат Садыковдун апасы Сабира эжени конокко чакырдык.

Байыш жана Жаныш Момуновдордун апасы Ибадаткан апа: “Байыш биринчи аялы Клара эмес, Динара экенин элге жар салды”

Эгиз козудай ээрчишип жүрүп элге таланты таанылып, аты алынган Жаныш менен Байыш аттуу ага-ининин чыгармачылыктын казанында кайнап келе жатканына 20 жыл толуптур. Аларды жаркыратып жарыкка алып келип, ушундай өнөр сүйгөн адам кылып тарбиялаган энени кепке тартып балдарынын балалыгы менен бүгүнкүсүнө бирге сереп салдык.

АЛИНА ЖетигеноваНЫН АПАСЫ БЕРМЕТ АПА: «Алинаны абысыныма берип салганыма өкүнөм”

Улуу-кичүү дебей бардык муундун жүрөгүнөн түнөк таап келе жаткан ырчы Алина Жетигенова учурда элүү жаштын даамын татып, неберелерине чоң эне болуп олтурат. Чоң эне статусуна ээ болсо да Алина айым апасы үчүн дале бала бойдон. Кызынын ар бир ийгилигине кубанган Бермет апа сыймыктануу менен кызы тууралуу айтып берди.

МИРБЕК Атабековдун АПАСЫ ДАРИХА ЭЖЕ: “Мирбектин үйлөнүү тоюн август айына пландап жатабыз”

Кыргыз эстрадасынын учурдагы жанган жылдызы, көптөгөн кыздардын кыялындагы кол жеткис мырзасы Мирбек Атабеков жашоодо апасынын жөнөкөй гана уулу. Эне үчүн баланын ар бир кадамы сыймык эмеспи. Мирбектин апасы аны менен канчалык деңгээлде сыймыктанат, Мирбек апасына кандай уул экенин апасы Дариха эжеден уктук.

Страницы