Менин апам

АЛИНА ЖетигеноваНЫН АПАСЫ БЕРМЕТ АПА: «Алинаны абысыныма берип салганыма өкүнөм”

Улуу-кичүү дебей бардык муундун жүрөгүнөн түнөк таап келе жаткан ырчы Алина Жетигенова учурда элүү жаштын даамын татып, неберелерине чоң эне болуп олтурат. Чоң эне статусуна ээ болсо да Алина айым апасы үчүн дале бала бойдон. Кызынын ар бир ийгилигине кубанган Бермет апа сыймыктануу менен кызы тууралуу айтып берди.

МИРБЕК Атабековдун АПАСЫ ДАРИХА ЭЖЕ: “Мирбектин үйлөнүү тоюн август айына пландап жатабыз”

Кыргыз эстрадасынын учурдагы жанган жылдызы, көптөгөн кыздардын кыялындагы кол жеткис мырзасы Мирбек Атабеков жашоодо апасынын жөнөкөй гана уулу. Эне үчүн баланын ар бир кадамы сыймык эмеспи. Мирбектин апасы аны менен канчалык деңгээлде сыймыктанат, Мирбек апасына кандай уул экенин апасы Дариха эжеден уктук.

АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВАНЫН АПАСЫ ФАТИМА ЭЖЕ: “Бардыгы үчүн Гүлшайыр эжеге рахмат айтам”

“Жан-жан-жан, жолуктуң кайдан?”... Көз алдыңызга чачы кыска кыркылган, сулуу келбеттүү Айжамал тартыла түшкөнүн билип турабыз. Азыркы кезде Айжамал Кабылова татынакай уул-кыздардын энеси болуп, жолдошу менен бирге Орусия жеринде жашап келет.

ДИНАРА АКУЛОВАнын кызы МЭРИ: “Апам мен үчүн көп ыйлады”

Бул дүйнөдө эң ачык жана анык сыр кыз менен эненин ортосунда гана болсо керек. Демек, эне үчүн кызы тууралуу, кыз үчүн энеси тууралуу кеп салып берүү ар дайым сыймыктуу. Дал ушундай кызыктуу маекти бүгүн КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын тун кызы Мэри Акулова тартуулайт.

Нурлан НАСИПтин апасы КОЖОМУРАТОВА Тамара эже: “НУРЛАНДЫН ЖАҢЫ ЫРЫ ЧЫККАН САЙЫН ЫЙЛАП АЛАМ”

Кыргыз эстрадасынын жаш өкүлү Нурлан Насип келишимдүү келбети, жагымдуу ырлары менен жаш болсо да сахнадан өзүнүн татыктуу ордун тапкан ырчы. Миңдеген күйөрмандардын сүйүктүү ырчысы Нурлан Насиптин балалыгы, өспүрүм курагы жөнүндө, деги эле сахнага чейинки Нурлан кандай болгондугу тууралуу апасынын оозунан угалы.

Маданият министри Алтынбек Максүтовдун апасы Созул апа: «Уулум министр болордо ар кандай сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруду”

Тогуз толгонуп жарык дүйнөгө алып келген перзентинин ийгиликтерине күбө болуу - ар бир ата-эненин тилеги. Баланын келечеги үчүн ата-эненин камкордугу башкы орунда экенин учурда элдин назарында турган инсан Алтынбек Максүтовдун энеси Созул апа менен маектешүүдө толук билдим.

– Министр мырза кандай үй-бүлөдө туулган?

Страницы