Менин апам

МИРА МОНОЕВА: “Апамдын аялдык бакыттан алыс болуп калганына ичим ачышат”

Учурда өз ысымы унутта калып “Курманжан Датка” аталып турган азыркы замандын көрүнүктүү актрисасы Назира Мамбетова тасмадан тышкары маалда кандай адам болду экен? Анын аялдык артыкчылыктарына, энелик бийиктиктерине кызы Мира айымдын маеги менен баам салабыз.

Асел ТУРДАЛИЕВАнын кызы Бегайым: «АПАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА ЖАШЫРА ТУРГАН НЕРСЕ ЖОК»

Кыргыз эстрадасында өзүнүн кайталангыс орду бар ырчы Асел Турдалиеванын жалгыз гана Бегайым аттуу кызы бар. Бегайым учурда бой тиреп, апасынын оор-жеңилин колдон алып калган маал. Ырчынын кубанса сырдашы, кайгырса муңдашы болгон көрөр көзүн маекке чакырдык. Апасындай жайдар мүнөз Бегайым бизге ачык маек куруп берди.

Сабырбек ЖУМАБЕКОВдун апасы Гүлайда апа: “САБЫРБЕГИМДИН ДОКТУР БОЛУШУНА АТАСЫНЫН БУТ ООРУСУ СЕБЕП БОЛГОН”

Көптөгөн адамдардын ден соолугун кайтарган, канчалаган адамдарды бастырып батасын алган атактуу доктур, академик Сабырбек Жумабековду жарык дүйнөгө алып келген эне кандай болду экен деп ойлочубуз. Көрсө, бул эне Сабырбек Артисбековичтин гана эмес, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековдун да апасы экен.

Кундуз Канатбек кызынын апасы Зайнагүл эже: "Кызым сыртта кандай түнт болсо, үйдө деле ошондой"

Кыз баланы энеден өткөн жакшы билген жан жок эмеспи. Андан улам ачылып сүйлөбөгөн, өзгөчө назик ырчы Кундуз Канатбек кызы тууралуу билгибиз келип, апасы Зайнагүл эжени кепке тарттык. Ырчынын апасы кызы тууралуу сыймыктануу менен маек куруп берди.

- Эже, кичинекей Кундуз кандай кыз эле? 

Страницы