Сурагым келет

Сурагым келет

“Сурагым келет” рубрикасы бул ирет үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөрдөн келип чыккан суроолорго юрист Бектур Саламатовдон жооп алды.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Сурагым келет

Кыргызстанда акыркы кезде балдарга карата зордук-зомбулук күч алганын редакциябызга чалып ысмын ачыкка чыгарбоону каалап жардам сурагандар далилдеп жатат. Өзгөчө балдарга көрсөтүлгөн зомбулук учурунда балдар жана аларга колдоо көрсөтүүнү каалагандар, ал тургай, жолдошунан запкы жеген аялзаты да кайда кайрыларын билбеген учурлар көп кездешет.

Сурагым келет

Кыздын актыгын, нике түнүнө чейин эч ким менен жыныстык мамилеге барбаганын бир гана кыздык белги далилдейт. Тилекке каршы, ал белгиден нике түнүнө чейин ажырап калган кыздар көп экенин редакциябызга келип түшкөн каттардан улам билсек болот.

Сурагым келет

 “Сурагым келет” рубрикасы бул ирет майыптыгы, жаш курагы боюнча пенсия алуу жана ата-энесинен ажырагандарга берилүүчү жөлөк пул тууралуу келип түшкөн суроолорго жооп издейт. Суроолорго Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Мукамбетов Жеңишбек Уркалыевич жооп берет.

Сурагым келет

Барган сайын оорулардын түрү күч алып, бизге бейтааныш оорулар арбып барат. Бул ирет инфекциялык оорулар тууралуу келген сурооолорго жооп издедик. Кызматта инфекционист, “Цадмир” медициналык борборунун директору Сапарбүбү Тобокалова болду.

Сурагым келет

Онкологиялык оорулардын ичинен эң кеңири тараган жагынан эмчек безинин рагы биринчи орунда турат. Ал акырындык менен аялзатын алсыз кылып, майыпка айлантып, жыйынтыгында өмүрүн алып тынат. Андыктан эмчек оорусуна байланышкан кичинекей суроо болсо да уялбай тийиштүү адистерден жооп алып, анын айтканын эки кылбай аткарууга аракет кылыңыздар.

Страницы