Ден соолук

Жашылча-жемиштердин кабыгы – өмүрдүн азыгы

Жашылча-жемиштерди жегенден мурда адегенде эле кабыгын аарчууну адатка айлантканбыз. Көрсө, пайдалуу жерин бүт кырып салат экенбиз. Алардын этинен да кабыгы ден соолукка өзгөчө пайда келтирерин адистер да далилдешкен. Андыктан жашылча-жемиштердин кабыгынан арылууга ашыкпай, анын пайдасын көрүүгө умтулуңуз.

Кайсы өң кайсы ооруга даба?

Дээрлик бардык ооруларды дары-дармектер менен дарылап жүрөбүз. Алардан тышкары үй шартында да ар кандай ыкмаларды колдонуп оорудан арылсак болот. Алардын бири – өң менен дарылоо ыкмасы. Бул ыкма да ооруну айыктырууга кандайдыр бир деңгээлде жардам берет.

 

Өңдөр жана оорулар

Корсетти туура тагынса грыжаны жоёт, туура эмес тагынса грыжаны пайда кылат

Эртеден кечке компьютердин алдынан жылбай отургандар, рулда жүргөндөр, же оор көтөрүп күч коротуп иштегендер туура эмес кыймылдоонун натыйжасында омуртка, бел, муун ооруларына көп чалдыгышат. Ден соолуктагы бул көйгөйлөрдөн арылуунун эң жөнөкөй жолу - заманбап корсеттерди колдонуу. Корсет ден соолукту гана чыңдабастан, аялзатынын сулуулугу үчүн да кызмат кылат.

Хижама оорулардан арылтып, жашартат

Денеден кан алдырып дарылоо ыкмасы барган сайын күчүнө кирүүдө. Мындай жол менен дарылоо ислам дининде хижама деп аталат. Көпчүлүк мусулмандар эң оор илдеттерден арылууга хижаманын жардамы чоң деп ишенишет. Ал эми медицина илими бул ыкма бардык эле ооруга даба эместигин эскертет. Тандоо сиздин колдо.

 

Жыттардын адамдын аң-сезимине таасири

Айланабызды ар кандай жагымсыз, жагымдуу жыттар курчайт. Алар биздин аң-сезимибизге, саламаттыгыбызга кандай таасир этерин этибарга деле албайбыз. Эмесе, жыттарды таасирине карап тандаңыз.

Кеч жаштагы төрөт – кечиккен бакыт

Карьера жана ден соолук баштаган ар кандай себептерден улам көпчүлүк айымдардын алгачкы төрөтү 30-40 жаштан өткөндө болууда. Бул көрүнүш бизде эле эмес, чет өлкөлөрдө да олуттуу маселе болуп жаткандыгын дарыгерлер баса белгилешет. Кеч жаштагы төрөт аял менен ымыркайга кандай таасир этет, пайдалуубу же зыяндуубу?

 

Страницы