Аңгеме

Кырк чырак

Тасмадай даңгыр жолдо кичинекей автобус зымырап баратты. Алыстан келатат. Барар жери дагы алыс. Ичинде он чакты жүргүнчү. Кары-жашы, бала-бакырасы бар. Баары бири-бирине чоочун. Ким эмнени ойлоп, кандай мүдөөдө баратканын ким билсин. Айтор, баары жол үстүндөгү жүргүнчүлөр. Алардын ичинде арткы орундуктарда эки баласы менен олтуруп келаткан келиндин көңүлү тынч эмес.

Кайдасың азыр, каралдым?

Ачык күрөң түстөгү чолок пальточон, башына кызыл шарфын тыкыйта салынып алган орто бойлуу, арык чырай жаш аял колуна желим баштык кармап, күүгүм маалда тепкичтер менен өйдө көтөрүлүп, төртүнчү кабатка чыгып баратты. Баштыгында бир бөлкө наны, беш-алты жумурткасы, дагы майда-чүйдөсү бар. Бу тепкичтердин жарыгын күйгүзүп, оңдоп коёюн деген эч ким жок.

Зарина: «Баалабай бактымды чаныптырмын»

Акылдуу адамдар башкалардын катасына карап түздөнөт, андан сабак алат. Балким, бул келиндин катасына карап акылдуу бир жан түздөнөр, жакшы пейил күтөр. Ушул ниетте каарманыбыздын баянына гезит бетинен орун бердик. 

Боз дубал

Салия күүгүм кирген маалда ашканада үңкүйүп жалгыз чай ичип олтурду. Үйдүн ичи жоо алгандай тымтырс. Жарыкты да жандырбады. Чыныдагы чайын анда-санда уурттап коюп, терезеден сыртты тиктейт. Күндө ушинтип күүгүм кирет. Кайрадан таң атат. Кайрадан тирилик. Дөңгөлөктүн ичинде айланган тыйын чычкандай күндөр өтүүдө. Күндөр эмес жылдар өтүп, канча өмүр артта калды.

Страницы