Тагдыр

Аскат АМАНТАЕВ: “КУРУЛУШ БЕТОНУ КУЛАП ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ЭЖЕМ КАЗА БОЛДУ, ЭЧ КИМ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛБАЙ ЖАТАТ”

Азыр көчөдө жүргөндү мындай кой, өз үйүңдө чай ичип отурган жериңден да оо дүйнөгө узап кетишиң мүмкүн болгон кооптуу жагдайда жашап жаткан сыяктуубуз. Өткөн жумада, тактап айтканда, 10-ноябрь күнү жаңы курулуп жаткан үйгө коюлган курулуш плитасы кулап түшүп кошуна үйдө бейкапар отурган үй-бүлөнү басып калган.

Мунира Бакирова: “Кызым 5 жылдан бери курсагы аркылуу заңдайт”

Учурда ар түрдүү ооруга чалдыгып, элден жардам сураганга аргасыз болгон жарандарыбыз көбөйүүдө. Алардын бири Мунира Бакированын кызы Айша 6 айында операция болгон, ошондон бери курсагы менен бошонуп келет. Анда калган сөздү апасы уласын.

 

Ажырашуунун келип чыгуу себеби эмнеде?

Убакыт өткөн сайын «ажырашып кетиптир» деген кеп жаңылык деле болбой баратат. Жаңылык болбогону менен бул эртеңки күн үчүн чоң трагедия экени кандай кейиштүү. Ата-энелердин бул кадамынан улам канчалаган балдар мээрим көрбөй өсүп жатышат. Бул каргашанын себеби эмнеде? Алардын айрымдарын жашоодо кездешкен мисалдар аркылуу бердик.

 

Гүлбарчын: «Күйөөңөрдүн экинчи аял алуусуна эч качан жол бербегиле»

Экинчи аял – эч ким жактырбаган аял. Аялдын үстүнө келген аял үчүн көп нерсе түшүнүктүү, чыдоого мүмкүн абалда болсо керек. Ал эми күйөөсү өзүнөн башка аял менен катар жашарын билүү биринчи аял үчүн абдан оор. Койнунда жаткан жалгыз адамын башка менен бөлүшүү аялдын жашын соолутуп, жаштыгын курутат. Мунун турмуштагы мисалы бүгүнкү каарманыбыз Гүлбарчын болуп отурат.

Акмөөр: “КАТАР-КАТАР КЫЗ ТӨРӨГӨНҮМ ҮЧҮН КҮЙӨӨМ ТАШТАП КЕТТИ”

Кыз береби, уул береби же такыр бербей коёбу, аны Кудай өзү билет. Эгер кыз же эркек бала төрөө аялзатынын колунда болгондо күйөөсүнүн каалаган баласын төрөп берип кулагы тынч жашабайт беле? Бүгүнкү каарманым Акмөөрдү катар-катар 4 кыз төрөгөндүгү үчүн күйөөсү таштап кеткен. Анда сөз башынан болсун.

 

Мавлюда МИРЗАЕВА: “Бизде адилеттүүлүк жок, мыйзам мага окшогон бечараларга эле иштейт окшойт”

Жашы 70ти таяп калган апа редакциябызга баш багып өз арманын айтып отурду. “Кызым үй албай эле балээ алган экен, 14 жылдан бери сатып алган үйүнүн чыры бүтпөйт. Маңдай тери менен тапкан акчасына үй алып ээ боло албай өлүп кетти бечара кызым.

Страницы