Тагдыр

ЭШАНКУЛОВ Шербото, Чоң-Алай районунун тургуну: “ЭКИ БАЛАМ КАР КӨЧКҮНҮН АСТЫНДА КАЛДЫ”

Ушул жылдын 19-февралында Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп эки үйдү басып калган. Ал үйлөрдүн бирөөсүндө жашагандардан эки наристе көз жумган. Эки чүрпөсүнөн бир күндө ажырап сай сөөгү сыздап отурган Шербото ата кырсык тууралуу буларды айтып берди.

 

Бааркан КАЛДЫБАЕВА: "Казакстанда кул болуп жүргөн уулум аман келсе экен"

64 жаштагы эне Бааркан Калдыбаева 10 жылдан бери дайынсыз уулун күтүп күнү-түнү жол карап жашайт. "Уулум аман-эсен кирип келсе, ооруларымдын баарын унутуп, жашармакмын", - дейт көзүнө жаш алган эне. Ал Казакстанга "иштеп келем" деп кеткен бойдон дайыны чыкпаган уулун табууга көмөктөшөр жан издейт.

 

ЖУМАГҮЛ апа: “Келин жумшачу маалда майып балдарымдын азабын тартып келем”

Жумагүл эже - бала азабын тарткан арманы көп миңдеген энелердин бири. Аялдардын кубанычы менен көз жашын жаздымда калтырбаган биздин жамаат анын тагдырына да кайдыгер карабай гезит бетинен орун бердик.

 

“Көрбөгөн күнүм калган жок”

Айымгүл ИГАМБЕРДИЕВА: “БУЛ КҮНДӨР ДА ӨТӨР, БИРОК ЖАКШЫЛЫКТЫН ӨКСҮГҮ ӨЧПӨС...”

Эки күндөн кийин адам баласынын жүрөк үшүн алган авиа кырсык апаатына бир ай толот. 39 адамдын өмүрүн алган, канчалаган үй-бүлөгө күтүлбөгөн арман салган, 23 үйдү жер менен жер кылып, бейкүнөө балдарды жетим кылган кырсык али күнчө карапайым калктын жүрөгүндө кадалып турат.

ДЮШЕНКУЛ кызы Таалайгүл: “БАЛАМДЫН КЫЙНАЛГАНЫН КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ЭЗИЛЕТ”

Кыргызстанда жылына тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган 350дөн ашык наристеге операция жасалат. Бул сандын жыл санап өсүп жатканы жанды кейитет. Операцияга муктаж 5 айлык Байэлдин өмүрү учурда коркунучта. Уулунун өмүрү үчүн жан далбастаган ата-эне каражаттын тартыштыгынан улам элден жардам сурап редакциябызга кайрылды.

 

Мен ооруну бакытка алмаштым

Жан кыйнаган ооруну жеңүүчү жалгыз нерсе дары эмес. Дартты басуу үчүн башкысы жакшы сөз, жылуу мамиле, жарык үмүт менен терең ишеним керек. Бул баян баарыбызды жаркын жашоого үндөп, анча-мынча кайгы-капаларды тоготпой кайраттандырат.

Страницы