Тагдыр

Төлөпбергенова Назгүл: "Кызым оорубаса, бакыт деген эмне экенин билбей жүрө берсем керек эле..."

Бул дүйнөдө эне үчүн баласынын "апа" деген сөзүн угуудан өткөн бакыт жок болсо керек. Кичинекей Айдина кулагы укпагынан улам сүйлөй да албай, апакесине андай бакыт тартуулай албай келет. Оор үшкүрүнгөн Назгүл "Кайсы күнөөм үчүн кызымдын кулагы укпай калды деген суроого жооп таба албай кыйналам" деп сөзүн баштады.

Айнура: "Эки колум менен бирге эң бийик тилектерим кошо кесилип кеткен"

41 жаштагы бул айымдын колдорунан бир кезде кыргыздын чийге түшүрүлгөн керемет оймолору жаралып, искусствонун көркөм сүрөт тармагына керемет эмгектер кошулган. Назик колдор бешик терметип, жакшы иштерди кылууга ашыккан. Анан күтүлбөгөн кырсыктан улам бардык аракеттер токтоп, үмүттөр кыркылып, назик колдор күйүп кеткен.

Бактыгүл ТАШТАНБЕКОВА: “АЗЫР СОКУР ТЫЙЫНЫМ ЖОК, БИРОК КЫЗЫБЫЗ ҮЧҮН 10-15 МИҢ ДОЛЛАР ТАБЫШЫБЫЗ КЕРЕК”

Өткөн жылы Мирана аттуу кичинекей кызды катуу сабап, кирдин суусун ичирген Гүлмира Дубанаева деген ысым жалпы журтка тарап, эл ичин дүрбөлөңгө салган. Катуу соккудан кийин ооруканага түшүп калган бир жарым жаштагы Мирана азыр да оор абалда экен.

Гүлфат: "Кызымдын жүзүн карап олтуруп жүрөгүм ооруйт"

Каш-кабактын ортосундагы кырсык эч нерседен бейкапар жүргөн адамдын тагдырын заматта өзгөртүп коёт. Кичинекей Айбийке күтүүсүздөн болгон кырсыктын курмандыгы болуп, бала кезинен оорунун азабын тартып келет. Кызынын оорусунан улам санаага баткан эне кызы үчүн жараткандан тиленип, элинен жардам сурайт.

Мария: "Өлгөн адамды сагынуудан өткөн азап жок экен"

Жерибизде кайрадан апрель. Алашалбырт бул маалдын келиши 2010-жылдан бери ондогон энелердин, жүздөгөн мекендештерибиздин жүрөгүн тилет. Анткени, алар кандуу 7-апрелде жанын кыйган жакындарын жоктоп, ага болгон кусалык менен жашаган азаптуу күндөрүн башынан эскерип, өксүп ыйлашат. Андай жаралуу жандардын жашы дагы деле кургай элек.

Страницы