Тагдыр

Карылар үйүндөгүлөр Жаңы жылды кантип тосушат?

“Карысы бардын ырысы бар” демекчи, ата-эне бар үй ырыскылуу, берекелүү, жылуу. Бирок кимдир бирөө алардын мээримине зар болсо, кээ бири барктай билишпейт. Бишкектеги улгайган жана майыптар үчүн социалдык мекемеде тагдырына таарынып, туугандардан алыс калышкан карыялар жашашат. Үй-бүлө жылуулугунан ажыраган ал карылар Жаңы жылды кандай тосушат болду экен?

Асанакун кызы Дилбар: “Балдарымды энесиз калтыргым келбейт”

Кичинесинен тагдырдын оор сыноолорун көтөрүп, бирок кандай оор кырдаал болбосун, өзүн колго алып, сыноону жеңе билген Дилбар учурда өлүм менен өмүрдүн ортосунда алпурушуп жаткан кези. Дилбардын үмүт шооласын өчүрбөй, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып аны ар тараптан колдоо менен өмүрүн сактап артындагы эки туягын жетим калтырбайлы.

 

ТАШКЕНБАЕВА Дамира: "Башкаларга жардам берип жүргөн балам өзү жардамга муктаж болуп калды"

“Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, жыл сайын көлдүн сезонунда ар кандай кырсыктар катталат. Быйыл да сууга чөгүп, же денесинин бир жерин кырсыктатып алгандар болбой койгон жок. Алардын бири 25 жаштагы Аскарбек да көлдө эс алып жүрүп шал оорусуна чалдыгып калган. Жашоо шартынын оордугунан улам бүгүнкү күндө жардамга муктаж.

АБДЫМАНОВА Зарина: "Кыздарымдын жакшы күндөрүн көргүм келет"

Акыркы учурда оор операция үчүн акчага муктаж болуп, жардам сурагандар арбын. Мындай көрүнүш мурда өөн учураса, 4-5 жылдан бери көнүмүш нерсе катары каралып калды. Мындан улам арабызда кайрымдуу адамдар көбөйгөнүн билсек болот. Себеби биздин гезит аркылуу элден жардам алып, оорусунан айыгып жаткандар бар.

Айсулуу: "Баласынын ВИЧке кабылганына намыстанган жолдошум бизди таштап кеткен"

10 жаштагы Марат ВИЧ инфекциясынын биринчи баскычы менен жабыркайт. Ал учурда Оштогу орто мектептердин биринде 3-класста окуйт. Бул илдет балага кайдан, кантип жукканын, андан улам азаптуу жашоодо күн кечирип калганы тууралуу Мараттын апасы 45 жаштагы эне Айсулуу баяндап берди.

 

Ошто окутуучу кыска убакытта суу жылытуучу аппарат ойлоп жатты

"Эл ичи - өнөр кенчи" демекчи, Ошто ЖОЖ окутуучусу кыска убакытта сууну жылытуучу аппарат ойлоп тапты. Анын бул табылгасы өндүрүшкө чыкса, элдин түйшүгү жеңилдеп, жашоо шарттын дагы да жакшыруусуна салымын кошот. Физика илимдеринин кандидаты, доцент Баатыр Акматовдун үйүнө барып анын эмгеги менен таанышып кайттык.

 

Страницы