Тагдыр

ЭРДАВЛЯТОВА Жыпаргүл: «Баламдын өмүрүн сактап калуу үчүн 160 миң доллар керек болуп жатат»

Эмне деп айтпайлы, учурда акча адам жашоосунда өтө чоң роль ойноп калганы талашсыз. Ден соолукту да акчага сатып ала турган заман. Буга далил катары эне сүтү оозунан кете элек Эрнистин тагдырын айтсак болот. Замандашыбыз оор дартка кабылып, анын жашоосу уланарын же токторун акча чечкени турат.

 

Кара-Cууда чөөлөр пайда болуп, күн сайын мүрзөлөр ачылып калып жатат

Кара-Суу районунун Мамажан айылында пайда болгон чөөлөр көрүстөндөрдү казып, маркумдардын сөөгүн кемирип, туш тарапка чачып кетип жаткандыгы айыл элинин жүрөк үшүн алып жатат. Айыл жашоочулары маркумдардын чачылган сөөктөрүн кайрадан жерге жашыруу менен убара. Табияттын адамдарга кылган мындай мыкаачы мамилеси тууралуу жергиликтүү жашоочу Кенже Досбаев айтып берди.

Картондо уктаган баланын апасы: "Исхактын атасынан эки жылдан бери кабар жок"

Кум үстүнө төшөлгөн картон кагазда уктап жаткан баланын сүрөтү социалдык тармактарда катуу талкууну жаратып, жарандарды дүрбөлөңгө түшүрдү. Бул көрүнүшкө карата түрдүү cын пикирлер айтылып, айрымдары баланын апасын айыпташса, айрымдары ушул жагдайга түрткөн турмуштук кырдаалды айыптап жатышты.

Батма: “Жолдошум менен күндөшүмдүн кордугуна чыдабай качып кеттим”

Биздин коомдо аялдардын ага кам көрчү орунда турган эң жакын адамдары тарабынан ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылып, азап тартып келе жаткандары кандай аянычтуу. Оор тагдырга кептелген аялдардын бири Батманын окуясы жүрөк титиретип, жакаңды карматат.

 

ЖОЛДОШЕВА Гүлсүн: «Кичинекей Кыргызстанды гүлдөтө албай, элди тентиткен бийлик башындагыларга нараазымын»

Москвада жүргөн мекендешибизге байланыштуу кейиштүү окуялар биринин артынан бири маалым болуп коомчулукту ойлондуруп атат. Мындай окуялардын бири 30-август күнү орун алган. Тактап айтканда, 25 жаштагы кош бойлуу келинди милиция кызматкери автоунаасы менен сүзүп кеткен. Милиция кызматкерлеринин аларга кылган мамилесине кейиген эне окуя тууралуу айтып берди.

Страницы