Тагдыр

ТАШКЕНБАЕВА Дамира: "Башкаларга жардам берип жүргөн балам өзү жардамга муктаж болуп калды"

“Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, жыл сайын көлдүн сезонунда ар кандай кырсыктар катталат. Быйыл да сууга чөгүп, же денесинин бир жерин кырсыктатып алгандар болбой койгон жок. Алардын бири 25 жаштагы Аскарбек да көлдө эс алып жүрүп шал оорусуна чалдыгып калган. Жашоо шартынын оордугунан улам бүгүнкү күндө жардамга муктаж.

АБДЫМАНОВА Зарина: "Кыздарымдын жакшы күндөрүн көргүм келет"

Акыркы учурда оор операция үчүн акчага муктаж болуп, жардам сурагандар арбын. Мындай көрүнүш мурда өөн учураса, 4-5 жылдан бери көнүмүш нерсе катары каралып калды. Мындан улам арабызда кайрымдуу адамдар көбөйгөнүн билсек болот. Себеби биздин гезит аркылуу элден жардам алып, оорусунан айыгып жаткандар бар.

Айсулуу: "Баласынын ВИЧке кабылганына намыстанган жолдошум бизди таштап кеткен"

10 жаштагы Марат ВИЧ инфекциясынын биринчи баскычы менен жабыркайт. Ал учурда Оштогу орто мектептердин биринде 3-класста окуйт. Бул илдет балага кайдан, кантип жукканын, андан улам азаптуу жашоодо күн кечирип калганы тууралуу Мараттын апасы 45 жаштагы эне Айсулуу баяндап берди.

 

Ошто окутуучу кыска убакытта суу жылытуучу аппарат ойлоп жатты

"Эл ичи - өнөр кенчи" демекчи, Ошто ЖОЖ окутуучусу кыска убакытта сууну жылытуучу аппарат ойлоп тапты. Анын бул табылгасы өндүрүшкө чыкса, элдин түйшүгү жеңилдеп, жашоо шарттын дагы да жакшыруусуна салымын кошот. Физика илимдеринин кандидаты, доцент Баатыр Акматовдун үйүнө барып анын эмгеги менен таанышып кайттык.

 

Миллион доллар үчүн өзүн "өлтүргөн" эркек интерпол аркылуу изделип жатат"

АКШдагы камсыздандыруу компанияларынын биринен бир миллион доллар акча өндүрүүнү көздөгөн өзбекстандык эркек тирүү туруп өзүн "өлдү" деп жарыялаган. Ал гана эмес, Оштун Кара-Cуу районундагы бейиттердин бириндеги башка жарандын мүрзөсүнө өзүнүн эстелигин орнотууга жетишкен.

Гүлмира: "Жолдошумду кесиптештери уруп өлтүрүп, эми унаа кырсыгына шылтап жатышат"

Алай районунун Сары-Могол айылында мектептин курулушунда иштеген 28 жаштагы Майрамбек Нажинов ушул жылдын 20-сентябрында белгисиз жагдайда каза болгон. Милиция анын өлүмүнө «жол кырсыгы себеп болгон» десе, жакындары «киши колдуу болгон» дешет. Алар Алай РИИБнын тергөөчүсүнө, райондук прокуратурага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, акыйкат тергөөнү, чындыкты талап кылып жатышат.

Страницы