Интервью

НИЯЗ АБДРАЗАКОВ: «Кайненеси менен тажабай сүйлөшчү кыз издейм»

Ильяз Абдразаков - элге эмгеги менен таанылган таланттуу ырчы. Анын арты менен сахнага чыккан иниси Нияз Абдразаков да учурда ырчы катары таанылып калды. Оор басырыктуу байкесинен айырмаланып шайыр мүнөздүү, сөздөрдү куюлуштура сүйлөгөн Нияз бизде конокто болду.

– Нияз, жайкы аптапта эмне менен алексиң?

Турдакун НИЯЗАЛИЕВ: «Ырчылык деңгээлимди билип, вокалдан сабак алып жатам»

Башкалардан башкача деп айтарлык эмес, бирок улуу-кичүү дебей эмнегедир башкача жылуу кабыл алган ырчы Турдакун Ниязалиев учурдун ийгиликтүү инсандарынын бири. Илим-билимге чыгармачылыкты айкалыштырган ырчы мырза Орозонун улуу күнүндө жай отуруп жөнөкөй, бирок жагымдуу маек куруп берди.

– Орозоңуз кабыл болсун. Канча жылдан бери орозо тутуп келе жатасыз?

Санжар БЕРДИБЕКОВ: «Үй-бүлөм менен чогуу жашаган күндөрдү сагынам»

Куудул Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков да калың элге таланты менен таанылып калган. Акыркы учурда куудул тууралуу ар кандай сөздөр айтылып эле, өзү көрүнбөйт. Түштүк жергесинде гастролдоп жүргөн Санжар мырзаны кепке тартып, ал тууралуу маалыматтардын чын-бышыгын сурадык.

Гүлмира, «Кеңеш» тобунун ырчысы: «Азыр менин үстүмдө бир дагы доо арызы жок»

Жакында «Кеңеш» тобунун ырчысы Гүлмиранын үстүнөн арыз түшүп суракка чакырылганы тууралуу маалымат тарады. Андан улам ырчыга жолугуп, окуянын чоо-жайын суроого аракет кылдык. Табиятынан жасалмалуулук, жаап жашыруу дегенди билбеген Гүлмира баарын ачык айтып берди.

Айгерим РАСУЛ КЫЗЫ: «Милициянын жубайы болуу кыйын»

Айгерим Расул кызы ырчы гана эмес бир үйдүн кожойкеси, бир кыздын энеси. Эмгек менен изденүүдөн талбаган ырчы жакында кыздардан турган топ ачып, ага катар актрисалык окуусун да аяктады. Булар тууралуу кенен маалымат төмөнкү маекте.

– Айгерим, учурда эмне менен алексиң?

ТАТА УЛАН: “Таянар атам жок, өзүмө ишенип өстүм”

Элге оймо-чиймелүү кийимдер, ак калпак, анан булгаары чүмбөт менен таанылган, өзгөчө үнү бар Тата Улан күнүмдүк жашоодо сиздей эле жөнөкөй бир адам. Бирок анын эч кимдикине окшобогон дүйнөсү, көз карашы, кыргыз эли үчүн күйүп-жанып турган духу бар. Бир багытынан тайбаган мүнөзү бар ырчы маектешүүдө да өз көз карашын бекем карманып сак отурду.

Страницы