Интервью

Сайкал САДЫБАКАСОВА: «Өзүңдүн жеке концертиңдин сүрү башка болот экен»

Легендарлуу «Кыз-Бурак» тобунун бир кездеги кичинекей эрке кызы Сайкал - учурда аталган топтун аткаруучу директору. Чыгармачылыктын ысык-суугуна жаштайынан аралашып кыргыз шоу дүйнөсүнүн сырын да, чырын да жакшы билген жаш ырчы жакында жеке концертин бергени турат.

Роза ШАКИРОВА: «Сулуумун, тойлорго барганда кирине кирип кыйналып калам»

Жайдары маанайы, шаңдуу жүрүшү, мукам үнү менен адамды өзүнө тартып турган ырчы Роза Шакирова менен маектешүү алда канча кызыктуу жана жагымдуу. Анткени ал - жасалмалуулукту билбеген, ачык-айрым адам. Шаңкылдап күлүп, тарс сүйлөп бул жолу да кызыктуу кеп куруп берди.

Айпери КУБИК КЫЗЫ: «Суу алдындагы клипти бир түндө тартып бүттүк»

Ырчы, куудул, пародист Кубик Калыковдун кызы Айпери - атасынын жолун жолдоп, сахнадагы ордун татыктуу тапкан талант. Суйкайган селки үй-бүлө күтүп, эне болуп, анан кайрадан чыгармачылыкка кайткан. Тыныгуудан кийин суу алдында клип тартып күйөрмандарына жаңылык тартуулаган ырчы бизде конокто.

Азиз МУРАДИЛАЕВ: «Мындан ары операциясыз айыгып кетсем жакшы болот эле»

Быйылкы күз актёр Азиз Мурадилаевдин катуу ооруганы тууралуу жагымсыз кабар менен башталды. Актёрдун эл сүймөнчүлүгүнө айланган кадырын мындан бил: интернет барактарында анын ден соолугу үчүн тынчсызданып, айыгып кетишин тилеп, туш тараптан материалдык жардам бергендер көп болду. Москвага барып биринчи операциясын жасатып келген актёрдун абалы учурда жакшы.

Кундуз КАНАТБЕК кызы: «Чыгармачылык менен үй-бүлөнүн кайсынысын биринчи орунга коёрумду билбей турам»

Бир топ убакыттан бери сахнадан көрүнбөй, жаңы ырлары чыкпай калган ырчы Кундуз Канатбек кызынын чыгармачылыгында жандануу байкалат. Асел Кадырбекова экөө биргеликте дуэт жаздырышып, учурда клип тартуу иштери менен буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези. Өзгөчө жаштардын сүймөнчүгү болгон ырчы кызды маекке чакырдык.

Страницы