Сулуулук

Шеллак менен жасалган френч стили үй шартында

Френч деген кыска атка ээ болгон француз стилиндеги тырмак жасалганы мурун көп жумуш кылбаган же конокко барчу маалда гана жасатып жүргөн болсок, эми аны ар дайым жасатып калдык. Себеби шеллак деп аталган гель-лак менен кооздолгон тырмак жасалга эртели-кеч идиш, кир жуусаңыз да өчпөй жок дегенде эки-үч жума жүрөт.

Безеткини кайсы азыктар пайда кылат?

Эгер сиздин бетиңизге безеткилер чыгып, бет териңиз бузулса, демек, сиз туура эмес тамактанып жатасыз. Анткени организм тигил же бул азыктын жетишсиздигинен же ашыкчалыгынан кыйналат да, анын баары бетке чыгат. Безеткинин себепчиси болгон
азыктар кайсылар?..

Туура жасалган татуаж кандай болушу керек?

Учурда каштын татуажы эң популярдуу жана жеткиликтүү сулуулук процедураларынын бири болуп калды. Кыска мөөнөт ичинде каштын өзү менен бирге беттин көрүнүшүн өзгөртүп койгондуктан татуаж кылдырууну каалаган кыз-келиндер өтө эле көп. Алар үчүн белгилүү визажист Гүлзат Иманалиева кардар Аиданын мисалында татуаж, анын эрежелери тууралуу айтып берет.

Аялдардын курсагынын түрлөрү жана аны калыбына келтирүү

Көпчүлүк аялзаты курсагы ачык кийим кийгенден уялабыз. Анткени дене мүчөбүздү жагымсыз көрсөтүп турган - биздин курсагыбыз. Эмесе, төмөнкү курсактын беш түрүнөн өзүңүздүн курсагыңызды тандаңыз да, туура кам көрүп тегиз курсактуу болууга аракет кылыңыз.

 

Таңсулуу Өмүрзакова: «Сулуулар сынагынын кастингине барууну жолдошум сунуш кылды»

Байыртан эле кыргыздын бир сыймыгы аргымактары болсо, бир сыймыгы сулуу кыздары болуп келген. Азыр дагы эл намысын коргоо менен мекенинин сыймыгы болгон айымдар арбын. Алардын бири - борбор шаарыбызда өткөн “Миссис Кыргызстан-2015” улуттук сынагынын жеңүүчүсү, Минск шаарында өткөн “Дүйнөлүк Миссис” сынагында “Миссис Сулуу” наамынын ээси Таңсулуу Өмүрзакова.

Бетиңиздин териси кандай экенин билесизби?

Колдо бар нерсе менен маска жасап, колго тийген косметикалык каражаттарды бетке коё берүү пайдасын тийгизбей эле, тескери жыйынтык бериши мүмкүн. Адистер эрте картайбас үчүн алгач беттин териси майлуу же кургак экенин аныктап, андан соң ошого жараша кам көрүү керектигин эскертишет. Төмөндөгү тест сиздин бет териңиздин абалын аныктап берет.

Страницы