Элестер

ТАМАШАКӨЙ, ТАЛАНТТУУ ДИКТОР Жолдубай Кайыпов

Кыргыздын белгилүү диктору Жолдубай Кайыповдун кырчындай гана 38 жаш курагында, 1984-жылдын 29-мартында кылмышкерлердин колунан каза тапканына быйыл 33 жыл болот. Бирок Жолдубай ага каза болсо да артында калган кыргыз эли, жакындары анын жаркын элесин, мукамдуу үнүн унутпай ар дайым эскеришет.

 

Шайыр жеңени акыркы сапарга узаттык

Ажалга айла жок тура, 6-октябрда “Кыз-жигит сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, эстрада жана фольклор ырчысы Гүлбү Ороскул кызы 40 жашында көз жумду. Оорубай жакшынакай эле жүрүп бир түндө ашказанына кан куюлуп кетип баарын ыйлатып кете берген ырчынын артында чырактай эки кызы калды.

Элмира КАЙЫП кызынын жалгыз кызы Беназир: “Сырдашар эң жакын адамым апам эле, эми ал да жок...”

Кыргыз элинин булбул үндүү ырчы кызы, Элмирбек Иманалиевдин сөзүнө жазылган “Булбулум” аттуу ырын аткаруу менен калың журтка таанылган Элмира Кайып кызы 31-август күнү күтүүсүздөн арабыздан өтүп кетти. Бул суук кабарга бир гана ырчынын жакындары эмес, жалпы кыргыз элинин кабыргасы кыйышып, 42 жаштагы жаркылдаган ырчыны алигиче өлүмгө кыя албай турабыз.

САХНАНЫН УМАЙ ЭНЕСИ – САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА

Кыргыз элинин жүрөгүндө мыкты ролдору менен ушул күнгө чейин жашап келе жаткан кайталангыс талант, театрдын «Умай энеси» Сабира Күмүшалиева жөнүндө канча сөз кылсак да түгөнбөйт эмеспи. Актрисанын кыргыз искусствосуна кошкон салымы зор экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми жашоодо кандай адам болгонун кесиптештеринин эскерүүлөрүнөн уксак.

 

 

Аян болбой баян болбойт же манасчылар кантип «Манас» айтып калышкан?

Манасчылык - өзүнчө бир дүйнө. “Манас” айтуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Биз билген манасчылар кантип “Манас” айтып калышканын билесизби?

 

Чечек оорусунан айыгып, “Манас” айтып калган Сагымбай Орозбак уулу

Страницы