Элестер

Тамашаны сүйгөн талант Муканбет Токтобаев

Кыргыз эли, кыргыз кинотеатр искусствосу кайталангыс улуу талант Муканбет Токтобаевди жоготконуна туура бир жыл болду. Залкар актёрсуз театрдын сахнасы аңгырап, канчалаган ролдор жетим калды. Таланттуу инсан өлгөнү менен анын аты, жасап кеткен эмгектери унутулбайт экен.

Зулум жашоого кор болгон Зулайка же гүлдөбөй кеткен Гүлнара Кадралиева

«Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок» дейт кыргызда. Кыргыз элине өзүнүн атына караганда тасма айдыңында «Ак илбирстин тукуму» тасмасынан энчиленген Зулайка деген аты менен таанылып, Кожожаштын Зулайкасы катары белгилүү болгон актриса Гүлнара Кадралиеванын аянычтуу өлүмү кыргыз элин кайгыга салды.

Кудайберген БАЗАРБАЕВ: «Чолпонбек байкемдин эски сумкасын дале көтөрүп жүрөм»

Тилинен бал тамган нукура чечен, ашкере таланттуу, жан дүйнөсү жароокер СССРдин Эл артисти, биздин балет өнөрүбүздүн сыймыгы Чолпонбек Базарбаев дагы арабыздан эрте кетти. Ал 23 жаш курагында эле "СССРдин Эл артисти" наамын алган. Ал "Ак куу көлү", "Чолпон", "Спартак", "Щелкунчик", "Жизель", "Уйкудагы сулуу" балеттериндеги бардык жетектөөчү ролдорду керемет бийлеген.

Салмактуу өмүр ээси Саякбай Каралаев

Кыргыз элинин баа жеткис байлыктарынын бири “Манасты” айтууга, аны жан дүйнөсүнө сиңирип алып жүрүүгө улуу адамдардын гана күчү жетет. Ошондуктан улуу баянды Саякбай Каралаевсиз элестетүү мүмкүн эмес.

Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева

Табият берген сулуулугу менен кайталангыс таланты айкалышып, кыргыз атын дүйнөгө таанытып “элдин кызы” аталган кыргыз аялдары саналуу гана. Алардын сап башында турган Бүбүсара Бейшеналиева арабызда болгондо 90 жашка толмок. Кыргыз эли тунгуч балеринасын эч качан эсинен чыгарбай, анын атын кийинки муунга сыймыктануу менен тааныта бермекчи.

 

Страницы