Элестер

ЖҮРӨКТӨРДӨ ЖАШАГАН СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ

Убагында бүткүл СССРге Чолпон жылдыз болуп жанып, ошол Чолпондой жүзү менен бүт дүйнөгө кыргыз өңүн тааныткан кайталангыс талант Сүймөнкул Чокморов кыргыз барда эч качан унутулбайт.

МУХТАР ӨмүракуновДУН КЫЗЫ АЙГЕРИМ: “АТАМА КӨП НЕРСЕНИ АЙТА АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Кылган иши, бийик адамгерчилиги жана жөнөкөйлүгү менен элинин жүрөгүнөн орун тапкан кыраан кыргыз уулун капыстан келген кырсык ажал отун чачып арабыздан алып кеткен. Ошол күндөн ушул күнгө чейин бүтүндөй бир улут аны жоктоп, ордун эч ким менен толтура албай келет. Ал адам «Замандаш» ассоциациясынын ардактуу президенти маркум Мухтар Өмүракунов эле...

Бийиктикте жөнөкөй жашап өткөн Зуура Сооронбаева

“Астра гүлү”, “Жетимдер”, “Чоочун киши”, “Жапайы розалар”, “Андрей”, “Сынган мазар”... Бул тизмекти окуп жатып сиз бир гана айымдын ысымын эстеп, ар бир аталышты окуган сайын көңүлүңүздө “Зуура Сооронбаева” деген ысым кайталанып турганына ишенем. Бирок, ар бирибиз аталган чыгармаларды жүз кайталап сүйүп окусак да, чыгарманы жараткан адам тууралуу анча биле бербейбиз.

БААСЫЗ ТАЛАНТ – БОЛОТ БЕЙШЕНАЛИЕВ

Кыргыз кино искусствосуна из салып, калыптануусуна чоң салымын кошуп кеткен кыргыздын чыгаан уулу Болот Бейшеналиевди кимдер гана билбейт. Учурунда тартылган ар бир киносунун беделин көтөргөн актёрдун жаркын элесин эскерип, бирге иштешкен жакын санаалаштарын кепке тарттык.

Роза АЙТМАТОВА: “ЧЫҢГЫЗ 14 ЖАШЫНДА 30 СОТЫХ ЖЕР ИШТЕТИП, ТҮШҮМҮН БИЗГЕ АЛЫП КЕЛЧҮ”

Көпчүлүктүн назарындагы адамга калың элдин кызыгуусу ар дайым күч. Айрыкча, элибиздин сыймыгы болгон Чыңгыз Төрөкулович Айтматов тууралуу канча сөз кылсак да жарашат. Бул жолу Айтматов темасына кайрылуу үчүн залкар таланттын уялашы Роза Айтматованы кепке тарттык.

Кесибин сүйүп жашап өткөн диктор – Тамара Алсеитова

Кыргыздын белдүү диктор айымы Тамара Алсеитованын бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткенине быйыл тогуз жылдын жүзү болуп калды. Бирок, бир нече жыл артта калса да булбул үндүү диктордун добушу азыр дагы кыргыз элинин кулагынан кете элек. Тамара айымдын кесипкөй диктор болгондугу баарыбыздын эсибизде.

Страницы