Саамалык

Инстаграм аркылуу бизнестин көзүн тапкан айымдар

Инстаграм баракчасы бизнестин эң сонун булагы десек болот. Учурда товар саткың же алгың келсе Инстаграм баракчасынан заматта табасың. Дал ушул баракча аркылуу бизнестин көзүн тапкан үй кожойкелери менен тааныштырабыз.

 

АДИЛЕТ КЕРИМБЕКОВ: «Жаштар макалдарды унутпасын деген максатыбыз бар»

Мекенин ойлогон мекенчил жаштар жалпы эл сыймыктана турган жакшы саамалыктарды кылып келишет. Жакында алардын катарын кыргыздын макалдары жазылган кийимдер толуктады. Бул оригиналдуу идеянын ээси өзү жана иши менен тааныштырат.

Венера ЗАМИРОВА: «Менин колумдан чыккан гүлдүн өмүрү узун болот»

Соңку кездерде коомчулук даяр нерселерге абдан көнүп калган. Бирок учурда акырындык менен кол эмгектер бааланып, колго жасалган буюмдарга, белектерге кайрадан басым жасалып баратат. Мындай сапаттуу эмгектер жасаган адамды гана кубантпастан, белек берүүчү менен белек алуучунун да көңүлүн көтөрөт.

Жашылча-жемиштерди түрдүү формада кескич

Жүрөк, жылдыз, ай сыяктуу түркүн формада кесилген жер-жемиштер дасторкондун көркүн ачат. Ресторандардан гана көрүп жүргөн бул кооздуктарды эми үйүңүздөн жасай аласыз. Ал үчүн жашылча-жемиштерди түрдүү формада кескен Pop Chef деп аталган буюмду сатып алсаңыз болду.

Аккожа Гульсара, “Галерея” ЖЧКнын кызматкери: “Быйыл 3d туш кагаздар популярдуу болууда”

Замандын өнүгүшү менен үйдүн интерьери үчүн түрдүү саамалыктар көбөйүүдө. Алардын бири – бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан 3D туш кагаздар. Буга чейин жөн гана кагаз түрүндөгү кадимки туш кагаздар колдонулуп келген болсо, азыр 3D түрүндөгү сүрөттүү туш кагаздар популярдуу болууда. Үйүңүздү өзгөчө стилде жасалгалоону кааласаңыз, 3D туш кагаздарды тандаңыз.

Ананас кескич

Ананас тазалоочу атайын каражат убактыңызды үнөмдөө менен бирге дасторконуңузга көрк берет. Учунда мизи бар кескичти ананаска коюп, бурап ичине киргизе бересиз. Ал улам бир катардан кесип отуруп аягына чыгат. Натыйжада жумушуңуз сапаттуу, тыкан жана табитти ача тургандай аяктайт.

Страницы