Ааламда

Дүйнөлүк жылдыздардын "каприздери"

Белгилүү дүйнө жылдыздары уюштуруучулар менен келишимди бир гана гонорар үчүн түзүшпөйт. Атактуулардын андан башка да далай талаптары бар. Бири жөндүү болсо, бири кыжыр келтирип, таң калтыргандай. Алдыда атактуу дүйнө жылдыздарынын обу жок талаптары.

Ажолордон аңыздар

Байыртадан ар бир мамлекетти өз каада-салтына, үрп-адатына жараша баштаган башчысы болуп келген. Ал инсандарды эли король, император, президент деп аташкан. Мына ушул эл башында жүргөн адамдардын айрым кызыктуу фактылары туурасында кызык кеп.

Пластикалык операциядан жабыр тарткандар

Статистика боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө жыл сайын 17 миллион пластикалык операция жасалат, анын ичинде көкүрөгүн чоңойтуу, мурундун формасын оңдоо, көзгө сурма чыгаруу жана беттин түзүлүшүн өзгөртүү сыяктуу операциялар бар. Бирок пластикалык операция дайым эле ийгилик алып келе бербейт.

Унаалардын белгилери эмнени билдирет?

Азыркы заманда унаа үйдөн кийинки эле орунда турган материалдык зарылчылыкка айланды. Кандай шартта болбосун, каалаган жериңе жеткирген унаалар чыккан тегине карата көп түрлөргө бөлүнөт. Ал эми анын тегин аныктаган логотиптер жөн гана белги эмес, анда терең сыр жатат. Эмесе, айдап жүргөн унааңыздын тарыхына кайрылып ал тууралуу билип алыңыз.

 

Баланы кайсы улут кантип тарбиялайт?

Жер шарында жаралган ар бир улут өзүнүн баалуулуктары, ыйык көз караштары, салт-санаасы, жалпы улуттук бир түшүнүгү, дүйнө таанымынын өзгөчөлүктөрү менен бири-биринен айырмаланат. Ошого жараша алардын бала тарбиялоодогу ыкмалары да ар кандай. Бул жолу сиздерге айрым улуттардын бала тарбиялоо сырларын ал өлкөлөрдө жашаган жердештерибиздин мисалында ачып беребиз.

ДҮЙНӨ ДҮБҮРТҮНДӨГҮ ГЕНЕРАЛИССИМУСТАР

Ата мекенди көздүн карегиндей сактоо жана анын коопсуздугу үчүн намысты бекем кармоо - бул ар бир аскердин жүрөгүндөгү үн. Ал дем берген сезимдери толкундап олтуруп баатырга, өз өлкөсүнүн гана эмес, дүйнөлүк тартипке, адамзат бейпилдигине кам көргөн, тарых жараткан адамдарга айланышат.

Страницы