Кош жүрөк

Бакыт Байсариевдин келинчеги Алия: «Бакыт тынчтыкты сүйөт эмеспи, биз тынч жашоону чечтик»

Тамада, шоумен, бийчи Бакыт Байсариевдин биринчи жашоосуна чекит коюп, кайрадан жаңы жашоо баштаганы жакында эле маалым болду. Учурда элдин көңүлү анын келинчегине бурулуп ар кандай сөздөр айтылып жатат. Жаркылдаган мүнөзгө ээ Алия элди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

– Алия, кызыңар торолуп калдыбы?

АСКАТ ЭРБАЕВ: «33кө чыксам да Аидага жолукканга чейин үйлөнүү такыр оюма келген эмес»

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасы жарыкка чыкканда эл киного суусап турган чак болгондуктан тасма бат элге алынып кетти. Мына ошол тасмада Жоробек деген ысым менен таанылган актёр Аскат Эрбаев 2016-жылдын күз айында чоң турмушка кадам койду. Үй-бүлөлүк бакыттын каарманы болгон эки жаш маек төрүбүздө.

МИРЗАТ, АЙЗУУРА: «Сүйлөшүп отуруп убакыттын кандай өтүп кеткенин байкабай калабыз»

Жакында чыгармачыл үй-бүлөлөрдүн саны дагы бирге толукталды. Теле жүзү болгон жаш жубайлар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева жакында Каракол шаарында чоң той берип элден бата алып кайтышты. Бири-бирине ар тараптан жарашып турган түгөйлөр “Кош жүрөк” рубрикабыздын жаркылдаган коноктору болушту.

ТАМАШОУЧУ Бакыт Осмонканов жана келинчеги Токтобердиева Жылдыз: “Тогуз жыл кыз-жигит болуп жүрүп, турмушка даяр болгондо гана баш коштук”

Шайыр тамашоучу, “Бир тууганчик” тасмасындагы маселеден арылбаган Бакыт байке - турмушта бактылуу үй-бүлөнүн кожоюну. Маек учурунда бирин-бири ар тараптан колдоп, баалап, сыйлашып турган түгөйлөр көп жаштарга үлгү боло алышарын байкадым. Эмесе, таттуу түгөйлөрдүн жагымдуу маегин сунуш
кылабыз.

Съездбек ИСКЕНАЛИЕВдин жубайы Жаркынай: «Жолдошумдун күйөрман кыздарын чайга чакырып уяткарчумун»

Чыгармачылыкка киришкен күндөн бери тынымсыз аракеттин үстүндө келе жаткан ырчы Съездбек Искеналиев учурда бир нук, бир багыт менен иш алып барууга жетишип калганына жалпы эл күбө. Ырчынын учурда көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп аткан «Жубайыма» аттуу ырынын клибинин баш каарманы – анын өмүрлөшү Жаркынай.

Гүлжигит КАЛЫКОВ: «Айпериден башка кызды өмүрлүк жар катары көрө алчу эмесмин»

 «Евразия жылдызы» болуп кыргыз эле эмес, түрк кыздарына жаккан ырчы Гүлжигит Калыковдун акыркы жаңылыгы көпчүлүк кыздардын жүрөгүн тызылдатпай койгон жок. Дегеним, Гүлжигит төрт жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы Айперинин колун сурап шакек салды. Жарашкан түгөйлөрдүн учурда тойго даярдык көрүп чуркап жүргөн кези экен.

Страницы