Кош жүрөк

Ильяз Абдразаковдун келинчеги Медина: «Мен кызганчаак болсом, Ильяз ырдамак беле?»

Чыгармачылыкта дайыма билек түрүнүп иштеп кыргыз элине эле эмес, казак элине да таанылган таланттуу обончу, ырчы Ильяз Абдразаковдун жеке жашоосу күйөрмандары үчүн абдан кызык. Акыркы учурда "келинчеги менен таарыныша кетиптир" деген каңшаардын чын-бышыгын бүгүн экинчи наристесин күтүп жаткан ырчынын келинчеги Медина өзү айтып берет.

Кубаныч Ажыбаевдин келинчеги Бактыгүл: “Кубанычка сахнада жолтоо болгум келбейт”

“Сулууларга суктанууга акым бар” деп өзү менен кошо мырзалардын баарын ырдаткан ырчы Кубаныч Ажыбаевдин сулуу жубайы, бойтойгон эки баласы бар. Керек болсо ырчынын чыгармачылыктагы эң биринчи колдоочусу жубайы экен. “Бул ырды ырдаганда менде да кызгануу пайда болду”, - деген ырчынын жубайы Бактыгүл айым жолдошу тууралуу кенен маек куруп берди.

Бегайым: “Өзүнүн сунушу менен Аскар Салымбековду өкүл ата шайладык”

Актёрлук менен режиссёрлукту бирдей аркалап, эки тизгин бир чылбырды чогуу алып келаткан Азамат Арыков март айында үй-бүлөнүн кожоюну деген статуска ээ болду. Белгилүү мырзанын жүрөгүн багындырган сулуу Бегайымды редакцияга чакырганыбызда, келинчегин жандап Азамат мырза да болжогон сааттан кечикпей келип калды. Анда Бегайым менен болгон маекке назар салыңыздар.

Бактыгүл Бадыева: «Менин кыялымдагыдай той болду»

5-апрель күнү ырчы кыз Бактыгүл Бадыеванын үлпөт тою болуп өткөнү тууралуу күйөрмандарынын көпчүлүгү кабардар болду. Тойдон кийин ырчы кызга жолугуп, болуп өткөн той тууралуу азыноолак баарлаштык. Сахнада өзүнүн сулуулугу менен элди арбап жүргөн Бактыгүл айым учурда кош бойлуу болуп андан бетер сулуулугу артып калганына көзүм түштү.

Үйдө жолдош, жумушта кесиптеш түгөйлөр

Бир кесипке ээ болуп, бирге түтүн булатып, бир жумушта иштеген жубайлардын саны арбын. Жубайлардын ээрчишип дайыма бирге жүргөнү сырттан караган адамга, албетте, жагымдуу. Ал эми чыныгы жашоодо кандай болду экен?..

 

Дилшат Кангелдиева менен жолдошу Саадатбек Кендирбаев

Страницы