Кош жүрөк

Ирлан ТААЛАЙБЕКОВ: «ЫРЧЫ КЕЗИМДЕ ЭКИ МИҢ СОМДУК БАТИРДИН АКЧАСЫН ТӨЛӨЙ АЛБАЙ КЫЙНАЛЧУМУН, АЗЫР МЕНДЕ БААРЫ БАР»

Бир учурларда кыргыз эстрадасында «Окуучу кыз» деп обон созгон тыпыйган бала пайда болгон. Бирок, анын сахнага болгон сапары кыска болуп, бат эле эл көзүнөн алыстап кеткен. Азыр ошол кездеги көпчүлүккө сүймөнчүк кичинекей бала бойго жетип бир үй-бүлөнүн кожоюнуна, бир баланын атасына айланган.

Азиз ЖЕТИГЕНОВ: «КЕЛИНЧЕГИМ АПАМДЫН ЖАШ КЕЗИНЕ АБДАН ОКШОШ»

Жаңырган жыл кыргыз шоу-бизнесине жакшы жаңылыктарды берекелүү бере баштады десек болот. Анткени, жыл башында эле бир жанын эки кылып, үй-бүлөлүк бактылуу жашоону баштагандар арбын. Андай жаш жубайлардын ичинен биз бүгүн Атай менен Маралды жана Азиз менен Алинаны “Кош жүрөк” рубрикабызга конокко чакырып, кубанычтарын тең бөлүштүк.

Дастан Бекешовдун жубайы Кундуз Саякбаева: "Жолдошумдун азиздиги тууралуу бир секундга да ойлонбойм"

Белгилүү жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун өмүрлүк жары Кундуз Саякбаева менен үй-бүлөлүк очоктун сырлары тууралуу маектешүү менен жаңы рубрикабыздын тушоосун кестик. Жаш болсо да өзүнүн бийик адамгерчилиги, билими, коом таанусуу менен эл өкүлүнө эриш-аркак болуп жүргөн айымдын кандай инсан экендигине кызыксаңыз бул маек сиз үчүн. 

Страницы