Интервью

Негизги Интервью

Назгүл Турдубекова, укук коргоочу: Баланын жоопкерчилигин сезбеген соң жаратпагыла

Чоңдор тарабынан кордолуп, жашоо менен кош айтышкан наристелердин саны күн сайын өсүүдө. “Балдардын укугун коргоо” фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова күндө ушундай окуяларга өзү күбө болуп, наристелердин, өспүрүмдөрдүн таламын талашып келет.

Акылбек Жамангулов: Бүт өлкөнү 4G байланышы менен камсыздайбыз

Уюлдук оператордун башкы директору Акылбек Жамангулов  компаниянын техникалык өнүгүү пландары боюнча  айтып берди.

Эрнест Абдыжапаров: Айылга кѳчүп келгенден баштап кѳѳдѳнүм кеңейди, дем алганым тереңдеди

Кинорежиссёр, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров беш жыл мурун үй-бүлөсү менен айылга көчүп кеткен экен. «Айылга келгенден кийин эки атактуу инсан тууралуу тасма тарттым», — деген режиссёр, ийгилигинин сыры айылда жашаганында деп билет.

Гүлшайыр Садыбакасова: Шеринеде ушак сүйлөбөйбүз деген катуу талап бар

Шерине алаканын эң мыктысы болсо керек. Дасторкон жайылып, чер жазылат. Чөнтөк да толот, көңүл да толот. Шеринелештер алыскы тууган менен жакынкы кошунадан артык келип, жакшылык, жамандыктарда кашыңда болот. Дал ушундай ысык ымаладагы шеринелештер менен азыноолак маек курдук.

Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев: Операциядан кийин өмүр бою көздүн көрүүсү жакшырат

Көрүүнү лазер менен курчутуу процедурасынын жардамы менен өмүр бою жакшыртса болот. Бул ыкманын артыкчылыктарын Офтальмологиялык лазер борборунун адиси Өмүрбек Жолдошев айтып берди.

Айсулуу Мамашова : Атам менен өткөргөн убактымды саясатты сүйлөшүүгө кетиргим келбейт

Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат айым, жеке ишкер Турусбек Мамашовдун тун кызы Айсулуу Мамашованын саясатка аралашканына төрт жыл болду. Буга чейин жетекчилик кызматта бир топ жыл иштеген депутат айым, өзүнүн жеке жашоосу, жумушу тууралуу кеп куруп берди.

Асема Токтобекова, актриса, ырчы: Чындык үчүн аягына чейин күрөшөм

Өрттөн улам баалуу эмеректер, сулуулук шаймандары жараксыз абалга келип, актрисанын салонго жумшаган опол тоодой эмгеги менен каражаты абага учту. Асема айым бул, албетте, кырсык экенин, бирок буга ошол имараттын жетекчисинин кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар экенин баса белгилеп, нааразычылыгын билдирди.

Айдин, Эльвира: Үй-бүлө болуп калышыбызга апабыздын салымы чоң

«Жалгызым, ай», «Көлөкөм», «Тушалган махабат», «Сүйүү мага келе элек» аттуу ырлардын аткаруучусу Айдин Шер жаштардын эсинде эле болсо керек. Анын шоу дүйнөсүндө тыныгуу алышына үй-бүлө курганы да себепкер десек жаңылышпайбыз.

Токчайнар: Ток мени эмес, мен токту урам

Тиши менен салмактуу жүктөрдү сүйрөгөн Ташчайнар таланты менен элди таң калтырып бүтүп, эми шакирттерди таптоого ѳткѳн. Ал эми электр зымы менен эркин оюн курган адам тууралуу тѳмѳнкү макаладан окуңуз.

Дөөлөт Сыдыков: Суу да ууртабай 12 саат манас айткам

Дүйнѳдѳ жападан жалгыз кыргыз элине насип болгон бул ѳнѳрдү аркалап келе жаткан манасчыларыбыз деле саналуу. Алардын бири көптөгөн сынактарда алдыңкы орундарды багындырып, эл алдында келе жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков.

Дагы кызыктуулар