Интервью

Негизги Интервью

Кызсайкал: Кызым Мажит байкемди атам деп ойлойт

Шоу-бизнестеги эң жаш жалгыз бой эне Кызсайкал Кабылова учурда эки жашар кызы Альфиянын кең келечеги үчүн бар күчүн жумшап эмгектенип жүргөн кези. Өзү жаш болсо да турмуштун сыноосуна жеңилбей келе жаткан бийкеч кандай эне экенине бул макаладан жооп таба аласыз.

«Вайн» — интернеттеги эң популярдуу тармак

Эмил Токтошев бир канча жыл мурун «Тамашоу» долбоорунда «No name» командасынын капитаны катары оюн көрсөтүп жүргөн. Азыркы учурда жеке ишкер, алпаруучу жана көпчүлүк жаштардан кем калбай интернет тармактарында кызыктуу вайндары менен белгилүү.

Гүлшайыр Садыбакасова: Шеринеде ушак сүйлөбөйбүз деген катуу талап бар

Шерине алаканын эң мыктысы болсо керек. Дасторкон жайылып, чер жазылат. Чөнтөк да толот, көңүл да толот. Шеринелештер алыскы тууган менен жакынкы кошунадан артык келип, жакшылык, жамандыктарда кашыңда болот. Дал ушундай ысык ымаладагы шеринелештер менен азыноолак маек курдук.

Асел Осмонова: Кызыбыз эми жакшы болуп келатканда атасы кырсыктап калды

Жүзү орус, жүрөгү кыргыз каарманыбыз бүгүнкү күндө турмуштун сыноосун башынан кечирип жаткан кези. Юрий Бобковдун жубайы Асел айым жолдошунун абалы тууралуу айтып берди.

«Кусалык» — классташтар жөнүндөгү ыр

Тазагүл Закирова калайык калкка белгилүү акын, коомдук ишмер, документалдык фильмдердин жаратуучусу катары да таанымал. Анын 20дан ашык китептери жарыкка чыгып, айрымдары башка тилдерге которулган.

Айымкүл Аманбаева, апасы: Балам келгенде ырдап , бир жылдык бугубузду чыгарып алабыз

Шоу-бизнестин көрүнүктүү ырчысы Гүлжигит Сатыбеков чыгармачылыкка түйшүк менен келгенин айтып келет. Башынан кандай кыйынчылык өтсө да, ата-энесине үн катпаган ырчынын апасы уулу тууралуу айтып берди.

Марал Койчукараева: Кино айдыңына биротоло киргенден корком

Режиссёр Нурбек Эгендин эмгегинен жаралган «Ээнсиреген үй» тасмасы эсиңизде болсо керек. Фильмде баш каарман Аселдин ролун аткарган актриса Марал Койчукараева өзгөчө образды ачып бере алгандыгы менен көпчүлүктүн эсинде калган эле. Учурда актриса уулу Искендерди тарбиялап, сүйгөн кесиби – мал доктурлукту аркалоо менен алыскы Москва шаарында жашап жаткан кези.

Элбарчын Калилова: Ниетин билдирип, демөөрчү болом дегендерди жолуна салам

Маектешим жаш болсо да репертуарында философиялык мазмунду камтыган чыгармалары арбын. Анан да дайыма кыргыздын жүзүн тааныткан улуттук кийим менен жүргөндү жактырат. Жакында Элбарчын Калилова “Сак бол, кыргыз” аттуу чоң концертин тартуулаганы турат.

Венера Назаралиева: Жашоо мени шашма кылып койду

Бул ырчы айымды айрымдар шоу-бизнеске кеч аралашкан ырчы катары таанышат.

Таалайкан Абазова: Маданияттын күзгүсү болгон театр менен кинонун адамы болгонума сыймыктанам

Ал жыйырма жылдан бери ушул тармакта эмгектенип, бул жылдар аралыгында «Свет аке», «Кентавр», «Сүтак», «Дарак ыры» жана башка көптөгөн кыргыз тасмаларына тартылып, бир канча спектаклдерде роль жараткан.

Дагы кызыктуулар