Чыңгыз, Надирабегим: «Бири-бирибиздин кемчиликтерибизди жашырып жашап келебиз»

Тилинен чаң чыккан, сөз гүлдөрүн терип сүйлөгөн алпаруучу Чыңгыз Мырзаев менен жубайы Надирабегим үлгүлүү түгөйлөрдүн бири. Учурда эки кызды тарбиялап жатышат. Таттуу түгөйлөрдү мейманга чакырып, Кудай табыштырган ошол күндү эске салып, сезимдери, азыркы жашоосу тууралуу кеп курдук.

Чыңгыз, Надирабегим, сөздү алгач сиздерди табыштырган күндөн баштасак.

Чыңгыз: — Эл адамы болгонумдун шылтоосу менен өмүрлүк жарымды таптым десем болот. 2009-жылы кайнатам үй той берип мени тамада катары тойго чакырган. Кайнатам болуп каларын анда кайдан билем, соодалашып баамды бычып тойго баргам. Анан ошол тойдон Надираны жолуктуруп жатпаймынбы. Бирок анда болочоктогу жарым болуп калат деген ой болгон эмес.

Надирабегим: — Анда мен 10-класста окучумун. Алгачкы жолу көргөндө кадимки тамада катары эле тааныгам. Көңүл деле бурган эмес экенмин. Менде деле ушул адамга турмушка чыгам деген ой таптакыр болгон эмес.

— Анан бири-бириңерге болгон сезимдериңер кантип тутанды?

Ч: — Анда Надира “Жаш кыял” бий ансамблинде бийлечү. Ар кандай иш-чара же тойлордо жолугушуп калчубуз. Азыр телефон деген жакшы “жеңе” бар эмеспи, ошондой жолугушуулардын биринде телефон номерин алып, жигитчилик кылып СМС-билдирүү жазгам. Сөздөн-сөз уланып, тамаша сөздөр айтылып сүйлөшүп кеттик. Бардыгы буйруктан болушу керек, нике кайып буюрган экен.

Н: — Биздин тойду абдан жакшы алып барып бардыгы макташкан эле. Кийин жакындарыбыздан бирөө той берүү үчүн тамада издеп жаткан болчу. А биз жолдошумдун байланыш номерин жоготуп алганбыз. Концерттен биринчи өзү учурашып калды. Акыбал сурап сүйлөшүп, тамада издеп жүргөнүбүздү айтып номерин сурасам берип, менин номеримди да сурап алды. Жаңы сүйлөшүп баштаганда жашын деле сурап койбоптурмун. Радиодо алпаруучу, менден он жаш улуу экенин билген эмесмин. Өзү чалып “радиодон азыр “Сезим сырлары” деген рубриканы уксаң” дегенде гана диджей экенин билгем.

Нукура кыргыз жигити менен орус мүнөз кыздын сүйүү романы кандай нукта уланды?

Н: — Номеримди алгандан кийин экинчи күнү кечинде “Бейпил түн” деген кат жазыптыр. Орус мектепте окуп орусча өскөн жаным аны түшүнбөй, сиңдиме чуркап барып сурадым. Ушинтип улам бир СМС жазган сайын түшүнбөгөн сөздөрүмдү сиңдимден сурап жооп жазчумун. Антип-минтип котормосун таап, мына жооп жазам дегенде улам башка СМС-билдирүүлөрү келип калчу. Мени кыргызча үйрөнсүн дегениби, бир жолугушууда “Кыргыз эл жомоктору” деген китеп белек кылган. Сиңдиме улам бара бергенден ал да тажап, апама барсам “10-класс болуп алып кайдагы жомокторду окуп жатасың?” деп таң калган. Кээде сүйлөшүп отурганда бир нерселерди айтып берсе түшүнбөй калчумун да, сурагандан уялып унчукпай отура берчүмүн.

Ч: — Үйлөнгөнүбүздөн кийин деле макал-лакап, анча-мынча какшык сөздөрдү кошуп сүйлөсөм түшүнчү эмес. Дээринде болсо убактысы менен өз ордуна түшөт экен. Азыр кыргызча суудай сүйлөп, түш жоруйт, сөздүн жарымынан түшүнүп жооп берип калды.

Түгөйүңүздү кайсыл асыл сапаттары, иш-аракеттери үчүн тандап алдыңыз?

Ч: — Эркек адам убактысы келгенде өзүңө гана келинчек издебей, болочоктогу балдарыңа эне, ата-энеңе кызындай болчу келин издейсиң. Ошонун баарын таразаладым. Кыргызда “айым албай кайын ал” дейт, жубайымдын ата-энесинин жакшы кишилер экендигин билип, анан ушул кызга үйлөнөм деген жыйынтыкка келгем.

Н: — Колумду сурап жатканда “менин байлыгым – ата-энем, карындаштарым” деп айткан. Ошол сөзү менин жүрөгүмө абдан жаккан. Биринчи орунга ата-эне, бир туугандарын койсо, демек, келечекте биринчи орунга үй-бүлөсүн коёт деген жыйынтыкка келип, дароо эле макулдугумду бергем.

Жаш болсоңуз, ата-энеңизди көндүрүү кыйын болдубу?

Ата-энем ал кезде иш сапары менен Кытайда жүрүшкөн. Биз ресторанда отуруп жашообуздагы алгачкы майрамыбызды белгилеп жатканда эле ата-энеме бул тууралуу айткам. Бирок алар тамаша деп ишенбей коюшкан. Үйгө барып чын экендигин айтсам, декабрда келүүнү пландап жаткан ата-энем мартта эле учуп келип алышты. Албетте, “жашсың, оку” деп айтып каршы болушту, бирок мен оюмдан кайтпай койгондо айла жок макул болушкан.

Көпчүлүк кыздар кайын-журту менен жашагандан качышат эмеспи. Жолдошуңуз үйдүн жалгыз уулу да, бул жагын ойлондуңуз беле?

— Эмнегедир ал жагын ойлонбоптурмун. Тескерисинче, бүгүнкү күнгө чейин кайын журтум менен жашаганыма шүгүр кылам. Атам менен апамсыз кантип жашамакпыз, билбейм. Ата-эненин ак батасын, ыраазычылыгын алып жашоодон өткөн бакыт болбосо керек. Мен жаңы келин болуп келгенде апам өз кызындай кабыл алды, сиңдилерим “жеңелеп” жардамдашып турушту. Ошондуктан кызматтан кыйналган жокмун, бат эле сиңишип кеттим.

Чыңгыз мырза, Надирабегимдин чыгармачыл адамдын жашоосуна көнүүсү кыйын болдубу?

Ч: — Кыйын деле болгон жок го дейм. Башка чыгармачыл адамдарга окшоп айлап гастролдоп кетпейм. Көбүнчө бир күнгө эле барып, экинчи күнү келем. Шайлоо учурунда гана 10-15 күндөп жүрбөсөм, узак убакыт үй-бүлөнү жалгыз калтырган учур кездешпейт.

Жубайыңыз сизге “сиз” деп кайрылат экен, бул кимдин демилгеси болду?

Н: — Негизи эле мен улуу же кичүү болобу, сиз деп кайрылам. Муну сыйлоонун белгиси деп түшүнөм. Ошол сыяктуу эле жолдошум менен таанышканда эле сиз дечүмүн. Ошол бойдон эле “сиз” болуп калды.

Кимиңиздер көбүрөөк баласаак экенсиздер?

Ч: — Кудайга шүгүр, эки кызга ата-эне болдук. Нурайым кызыбыз быйыл мектеп босогосун аттады. Акмарал үчтөн төрткө карады. Дагы артынан ини-сиңдилери болсо деген ниетибиз бар. Ата-эне катары балдарыбызды жакшы көрөбүз. Чоң ата-чоң апасы менен таята-таенеси болгондугу үчүн багууда өтө деле кыйналган жокпуз. Улуу кызыбызды көбүнесе таятасы менен таенеси бакты.

Н: — Эки жактын тең биринчи неберелери болгонго жолдошум экөөбүз эркелеткенге деле көп артпайт. Чоң ата, апасынын көзүнчө эркелете албайбыз, тартынабыз. Өзүнчө калганда эле жыттап тоюп алабыз.

Сегиз жылдан бери бири-бириңердин артыкчылык, кемчилигиңерди билип калсаңар керек? Бири-бириңиздерге кандай баа бересиздер?

Ч: — Жакшы делген мейиздин да артында чөбү болот дейт го, анын сыңары, кемчилиги жок адам болбойт. Надиранын кемчилигин мен, меникин Надира жашырып жашап келе жатабыз. Күнүгө бири-бирибиздин кемчилигибизди айтып абийирибизди ачканда деле пайда таппайбыз. Бири-бирибизди кемчиликтерибиз менен сүйүп, колдоо көрсөтүп келе жатканыбыз үчүн үй-бүлөбүз да.

Н: — Жолдошум камкор ата. Жумуштан чыкканда үйгө шашат, көчөнү жакшы көргөндөрдөн эмес. Башында өзүм баамдагандай эле үй-бүлө, ата-энени биринчи орунга коёт. Мен жубай тандоодон эч жаңылган жокмун.

Надирабегим, сиз эмне иш кыласыз?

— Менин кесибим тиш доктур. Окууну аяктагандан тартып эле кесибим менен иштеп келе жатам.

Жолдошуңуз «эл адамы» эмеспи, анын күйөрмандарына кандай мамиле кыласыз? Кызганасызбы?

— Эл адамы болгондон кийин күйөрмандары болот, буга мен даяр эле болчумун жана нормалдуу көрүнүш деп эсептейм. Мурда СМС-билдирүү жазып, чалган күйөрмандары бар болчу. Жазгандарды өзү окуп берчү. Азыр билбейм, чынын айтсам, телефонун деле текшербейм. Үйгө келгенде телефондорубузду коёбуз, болду, ошону менен ошол жерде тура берет же кыздарыбыз алышат. Жолдошум деле менин телефонумду карабайт.

Чыңгыз мырза тилинен чаң чыккан алып баруучулардын бири. Сизге да бул жуктубу?

— Мурдагыдан жакшы сүйлөп, ой-пикиримди эркин жеткирип калдым. Кыргызча китептерди түшүнүп окуп калдым. Бирок оюмдагыны мурдагыдай эле түз айтып салганым кала элек. Жолдошум “сен кагазга ороп айтканды билбейсиң” деп калат.

🖊️ — Айгерим Токтобай кызы